www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин NazarNews сайты кыргыздын эң алдыңкы модель кыздарын коомчулукка таанытуу максатында “Сулуу жан” аттуу жаңы рубрикасын ачты. Бул рубрикадан ай чырайлуу кыздар тууралуу кеңири маалымат алып, алар эмгектен сфера тууралуу кеңири маалымат аласыздар!

Толук аты, жөнү- Дина Джейкоб

Туулган жылы, күнү –19-июнь, 1988-жыл
Бою – 170 см
Салмагы – 50 кг
Параметри – 84-60-88

Билими- Архитектура жана дизайн

Учурда- Модель

- Салам, Дина! Кыргызстандагы эң алдыңкы модель кыздардын катарын толуктап жүрөсүң. Бул кесипти эмне болуп аркалап калдың?

- Он алты жашымдан тарта моделдик бизнеске аралашкам. 2006-жылы “Miss Heaven” деген аталыштагы сулуулар сынагына катышкам. Ошол мезгилде мен алгачкы фотосессиямды жасагам. Кийинчерээк мага сүрөткө түшкөн аябай жагып калды. Бул кесипке кызыгуу пайда болуп эмгектенип калдым. Модель болуп жүрүп кино тасмаларга түшүп, ар кандай теле долбоорлорду алып барып жүрөм. Бул дагы болсо мени чыгармачыл адам экенимди билдирет.

- Бул тармактан кумир туткан инсандарың барбы?

- Мага кара денелүү профессионалдуу Наоми Кемпбел аттуу модель аябай жагат. Анын чыгармачылыгын сыйлайм. Бирок, аны кумир тутсам дагы аны эч качан туурабайм. Анткени, адам канчалык кимдир бирөөңү туураса, ал эч качан ошол адамдай боло албайт. Ошол үчүн өзүм менен өзүм болуп эле өзүмдүн стилим менен жүргүм келет.

- Чет жерде эмгектенип калдың, айырмачылыктарды байкай алдыңбы?

- Айырмачылык асман менен жердей. Биздин өлкөдө бул тармак анчейин өнүккөн эмес. Анан да эң башкысы бизде профессионалсыз моделдер көп. Каалаган кыз бизде өзүлөрүн модель сезе беришет. Модель болуу үчүн дагы чыгармачылык керек.

- Кыздар арасында атандашуу күчпү?

- Кыргызстанда атандашуу аябай күчтүү. Подиумдун артында уруш-талаш, талашуу-тартушуу көп болот. Бири-бирине сын-пикирлерди айтышат. Чет жерде мындай кырдаалдар жокко эсе. Көп кыздар бар жерде сөзсүз мындай нерселер боло берет.

- Дагы канча убакыт бул кесип менен эмгектенесиң?

- Аны убакыт көрсөтөт. Азырынча чечим чыгара элекмин. Отуз жашка чыккыча иштей берем го...

- Дене-мүчөңдү бир салмакта кармап туруу үчүн өзүңө кандай кам көрөсүң?

- Табиятыман өзүм толуп кетпейм. Көп жылдан бери бир калыпта келе жатам. Арык адамдардын катарын толуктайм. Арык болуп калышым дагы бул кесипке аралашуума түрткү болуп калды. Азыр спорт менен машыкпайм. Курсагым ач болгон учурда каалаган тамак ашты ченемсиз, чектөөсүз жей берем.

- Жүрөгүңө жакын мырза барбы?

- Жок, азырынча жигит тууралуу ойлонбой элемин. Жигитке көңүл бөлүү үчүн убакыт дагы керек. Менде убакыт тар. Убагы келгенде өзүм таап алам деген ниеттемин. Табитиме мырзалар чечкиндүү, акылдуу, чынчыл болуулары керек. Кийин турмуш курсам эркин жубай болгум келет. Жолдошум кайсы гана кесипти аркалабасын мага баары бир. Болгону көңүлүмө жаксын.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости