www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йога депрессиядан чыгарат

Окумуштуулар депрессия менен жабыркаган 30 адамдын ден-соолугуна 90 күн байкоо жүргүзүп, йога менен алектенүү депрессияга жардам берерин аныкташкан. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Бостон университетинин алдындагы медицина мектебинин окумуштуулары йога менен машыгуу жана дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо аз убакыттын ичинде депрессия, санаркоодон арылууга жардам берерин аныкташты. 

Адистер үч ай ичинде клиникалык депрессия менен жабыркаган 30 кишинин ден соолугуна байкоо жүргүзгөн. Алар бул убакытта йога менен алектенишкен. Бир айдан кийин бейтаптардын уйкусу жакшырып, токтоо болуп калышкан. Чарчап, алсырабай, көп нерсе үчүн санаа тартпоону үйрөнүшкөн. Иликтөөчүлөрдүн бири йога менен машыгуу ден соолукту бекемдөөнүн жакшы ыкмасы экендигин белгилеген. Окумуштуулар ал катуу чөгүп, жан дүйнөсү кыйналып ооруган адамдарга дагы жардам берет дешүүдө.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости