www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Багдаддын түндүгүндөгү Салах-эд-Дин провинциясында жайгашкан Балад аскер базасы реактивдүү куралдан сегиз жолу аткыланган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, чабуулдан Ирактын төрт аскери жаракат алып, учуп-конуу тилкеси талкаланган. Чабуулду ким жасаганы тууралуу азырынча маалымат жок.
Балад аскер базасындагы америкалык аскерлердин көпчүлүгү АКШ менен Ирандын мамилеси чыңала баштаганда базадан чыгып кетишкен. Маалымат боюнча, америкалык аскерлердин дээрлик 90 пайызы Тажи жана Эрбил шаарларына эвакуацияланды. Ошондой эле, америкалык командачылык базадагы бардык аскер техникаларын чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Базада америкалык он беш чакты аскер менен бир учак калганы кабарланууда.
Аталган аба базасында Ирак АКШдан сатып алган Lockheed Martin F-16 аскер учактары бар.
Булак: NazarNews.kg