www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 11-январында Бишкек шаарынын Фучик көчөсүнүн тургуну 1973 жылы туулган Б.С. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда 2020-жылдын 11-январында болжол менен саат 16:00 дөн 20:30 га чейинки убакыт аралыганда белгисиз адамдар Токтогул көчөсүнүн № 244 дарегинде жайгашкан Гербалайф туура тамактанууга үйрөтүү офисине пластикалык эшик аркылуу кирип, ичиндеги арыз ээсине караштуу буюмдарын жана “Redmi, Samsung” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кетишкен.
Ыкчам көрүлгөн аракеттердин негизинде кылмыш изин суутпай милициянын кайгуул кызматкери Д.Б. жана №1 шаардык милиция бөлүмүнүн нөөмөткери А.М. тарабынан кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 1983 жылы туулган А.М. кармалган.
Учурда Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки
териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg