www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мальтанын премьер-министри Жозеф Мускат кызматтан кетти. Анын отставкасы жергиликтүү журналист Дафни Каруана Галициянын өлүмү боюнча жүрүп жаткан иликтөө иштерине туш келди. Б.ул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Иликтөөчү журналист 2017-жылы мерт болгон — анын унаасын белгисиз адамдар жардырып жиберишкен. Бул иш боюнча кылмыштын аткаруучулары катары үч адам кармалган. Өткөн жылдын аягында шектүү катары белгилүү мальталык ишкер Йорген Фенек дагы камакка алынган.

Белгилей кетсек, премьер-министр Жозеф Мускат кызматтан кетерин бир ай мурда эле жарыялаган. Ага чейин өлкөдө анын кызматтан кетишин талап кылган демонстрациялар өткөн. Активисттер Галициянын иликтөөлөрүндө Мускаттын аты аталганын, буга байланыштуу ал жетектеген өкмөт журналисттин өлүмүн иликтегени туура эмес болорун айтып чыгышкан.

Башкаруучу партия премьер-министрликке бул кызматта 2009-жылдан 2014-жылга чейин иштеген мурдагы өкмөт башчы Жорж Абелдин уулу Роберт Абелди шайлады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости