www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болжолу бул кадрдагылар езиддер. Сүрөт "ИМ" тобуна таандык делген тасмадан алынган.

Езид бүлөсүнөн чыккан Лован менен Саббах "Ислам мамлекти" экстремисттик тобу тарабынан өлтүрүлгөн кишилердин денесин аткылап, машыккан учурунда болгону 16 жана 14 жашта эле. Алар "ИМ" тобунун өспүрүмдөрдү машыктырган лагерине кокустан кабылышкан.

Жансыз денелерди атуу бул - машыгуунун бир гана бөлүгү дейт Ловант менен Саббах. Азыр алар Германиядагы езиддер баш калкалаган борбордо турушат. Бул жаш езиддер Ирактын түндүгүнөн келишкен.

Езиддер аз сандагы байыркы эл. Негизинен Ирактын түндүгүн байырлайт. Мурдагы постсоветтик жана айрым Европа өлкөрүнүн аймагына тараган.

2014-жылы Синжар тоосунда ысык аптапка какталып, тамак-ашсыз жана суусуз он миңдеген езиддер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун запксына кабылганына бүт дүйнө күбө болгон. Дал ушул учурда Ловант менен Саббах жашаган айылды экстремисттик топтун согушкерлери басып алган. Аларды апасы менен биргеликте коңшулаш шаарга алып келишкен. Өспүрүмдөр Сирия аймагындагы лагерде дээрлик бир жылга чукул "халифаттын балдары" катары машыгышкан.

"Бизди жоокер болгонго үйрөтүштү"

"Биз куралды октогонду жана атканды үйрөндүк. Бизди согушканга үйрөтүп, жоокер болууга тарбиялашты",-деп айтып берет Ловант.

"Алар бизди чоң көрүстөнгө ээрчитип барышчу. Согушкерлер ал жерде жаткан жансыз денелерди "Ислам мамлекети" тобунун идеясын саткандар деп түшүндүрүп, бизди ал денелерди атууга мажбурлашчу",-дейт Саббах.

"ИМ" тобунун согушкерлери 300 миң езидди үй-жайын таштап качууга аргасыз кылды.

Езид балдарынын канчасы мындай машыгуу лагерлеринде жүргөнүн эч ким так билбейт. Укук коргоочулардын болжолдуу эсебинде, 8 жаштан жогору жүздөгөн балдар боюнча сөз болуп жатышы мүмкүн.

Биз менен аңгемелешкен бул эки өспүрүм лагерде 120 бала бар эле деп айтып беришти. Алардын көбү Сирия аймагынан келишкен.

"Жашоо үчүн күрөшүү"

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган топтун машыгуу лагеринде езид өспүрмдөрүнүн ар бир күнү жадыбал менен бекитилген. Күн сайын эрте менен ислам боюнча сабактар өткөн.

Балдар куран жатташкан, "ИМ" тобунун идеяларын үйрөнүшкөн жана мугалимдери тынбай алардын билимдерин текшерип турушкан.

"ИМ" тобунун туткунунда 3500 езид аялдар жана балдар калган.

Бирок физикалык даярдыкка көп көңүл бурулган. Лагерде ар дайым коркунуч өкүм сүрүп турчу деп эскеришет өспүрүмдөр. Түндөсү алар күзөткө чыгышкан. Курал ар дайым далыда болушу керек, жадесе ажатканага барганда да. Эгер кимдир бирөө куралын алганды унутуп калса, аны аеосуз сабашкан.

"ИМ" тобунан качып чыгуу

Би-би-си жүйөлүү себептерге байланыштуу өспүрүмдөр кантип качып чыкканы боюнча кеңири түшүндүрүп бере албайт.

"Саббах ал жердеги өзүнүн абалына көнүп бараткан. Аны качууга, тобокел кылууга көндүрдүм,-дейт Ловант.

"Бул өтө коркунучтуу эле. Бирок бизде жогото турган эч нерсе калган эмес. Биз өлүмдү көрдүк, биз алар кантип кишинин өмүрүн кыйганын көрдүк. Өзүңдүн үй-бүлөңдү, жакындарыңды жоготкондон кийин сага башка жогото турган эч нерес жок",-деди ал.

Аларды качыргандар автоунаа менен алып кетишкен. Бир нече күнү Раккада кармалышып, андан ары Сирия менен Ирактын чек арасынан узак жол басып өтүшкөн.

Германиядагы жаңы жашоо

Балдар жандүйнөсүн ээлеп алган коркунучтан Германияга келгенден кийин гана кутулушту.

Балдар жандүйнөсүн ээлеп алган коркунучтан Германияга келгенден кийин гана кутулушту.

Ловант жана Саббах менен кезиккенимде алар башка өспүрүмдөр сыяктуу эле өздөрүнүн компьютердик оюндары менен алек болуп жатышкан экен.

Алар азыр Баден-Вюртембергдеги езид качкындары үчүн берилген жайда баш калкалап жатышат.

Алардын азыркы жаңы үйү таза жана жылуу. Бул жерде балдар жана аялдар жашайт. Алардын баары "ИМ" тобунан качып, үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Езиддерге бул жерде психологдор жана волонтерлор жардам берүүдө.

Тилекке каршы "ИМ" тобунун туткунунда калган 3500 аялдар жана балдар тууралуу булар эч нерсе билишпейт.

Булак: "bbc.com"

Последние новости