www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда кыйраган Украинанын Украина эл аралык авиалиниясы компаниясынын жүргүнчү ташыган Boeing учагы "адамдык катачылыктын" кесепетинен кокусунан атып түшүрүлгөн. Бул туурасында Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдиргенин РИА Новости жазды.
"Адамдын жаңылыштыгынын айынан бул учак кокусунан атып түшүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта. Башкы штаб билдиргендей учак Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун (ИРКК) аскердик объектисинин жанынан учуп баратканда атып алышкан.
Иран ТИМ жетекчиси Жавад Зариф Twitter аккаунтуна авиакырсык "АКШ тарабынан жасалган авантюризм учурундагы кризистен" улам болгондугун билдирген. Ал ошондой эле кырсыктап каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.
Белгилей кетсек, Тегеранда кулаган учак 2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.
Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.
Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.
Учактын кулашына эмне себеп болгону айтылган алгачкы жыйынтык чыккандыгын Ирандын жарандык авиациясынан билдиришкен. Лайнер абада эле өрттөнүп баштаган.
Кырсыкка кабылган Boeing 737-800 NG учагы 2016-жылдын 21-июнунда биринчи жолу абага көтөрүлгөн. 186 жүргүнчүгө ылайыкталган учак Тегеранга такай учуп турган. Дүйнө жүзү боюнча авиакомпанияларда Boeing 737-800 үлгүсүндөгү учактар өтө көп санда колдонулат. Мындай үлгүдөгү учактар эксплуатацияга берилгенден бери ушуну менен онунчу ирет кырсыкка кабылгандыгын адистер билдиришти.
Булак: NazarNews.kg