www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында Кыргызстандык Тилек аттуу таксист орусиялык белгилүү футболчу Павел Погребняктын аялы Мария Погребняк менен болгон чыры тууралуу интервью берген.
Мындан мурда Мария Яндекс такси кызматынын таксисти аны керектүү жерге түшүрбөй машинадан түшүрүп салгандыгы тууралуу пост жарыялаган.
Орусиялык каналдардын бири бул окуя боюнча таксист жигиттин өзүнө кайрылып интервью алышкан. Анда биздин мекендешибиз:”Буйрутманы кабыл алдым. Баары жакшынакай эле болчу. Айтылган дарекке жетип келгенибизди айттым. Машина токтотуучу жай саатына 150 рублдугу жазылып турган. Кардарга керектүү жерге келгенибиз көрүнүп эле турган.
Ал шыр эле туура эмес дарекке келгенибизди айтып кыйкыра баштап, мени бетке чаап жиберди. Мен эмне деп жооп бермек элем? Мен дагы анын өзүнө окшоп, видеого тарттым. Ал бирөөлөргө чалып баштады. Мен дагы техколдоого кайрылып, SOS баскычын бастым. Жооп бир сааттан кийин келди. Ошол убакта башка буйрутма келип калып, мен аны кабыл алдым. Ордунда күтүү 3 мүнөт. Башка буйрутмага кечикмек белем? Мен чырды каалаган эмесмин, бирок ушундай болуп калды. Түшүп, эшикти ачтым, түшүңүз десем, түшпөй койгондуктан сумкаларын түшүрдүм. Ал өзү түшкөндөн кийин кетип калдым. Эки сааттан кийин Яндекс такси менин буйрутмаларымды блоктоп койду.”,-деп өз нааразычылыгын айтып, комфорт такси буйрутма берсе, оюна келгенин кылуу уруксатын кошо бербешин кошумчалады.
Мындан сырткары мекендешибиз Кыргызстанда каскадер болуп иштээрин, бир нече фильмдерде тартылганын, таксист болуп акча табуу үчүн эмгектенээрин, кээде күнүнө 16-17 саат иштөөгө туура келээрин да айтып берди.
Окуядан кийин Мария Тилекке чалып, бир нерсе айтмакчы болгон. Бирок Тилек аны укпай, кечирим сурап, өчүрүп койгон.
Мария Погребняктын баракчасына көз салганыбызда ал бул окуя тууралуу жазып, мекендешибизге кыйкырып, кол көтөргөнүн жазган эмес. Анын колдонуучулары эки жээкке бөлүнүп, бири Мариянын таламын талашса, экинчиси "Болгон окуяны толук жазбай өзүңдүкүн гана жазып койгонсуң. Болбогон эле интрига, хайп кылдың",-деп аны жемелегендер да болгонун көрүүгө болот.
Булак: NazarNews.kg