www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-январдан 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Ак-Сай жана Көк-Таш айылдарында чек ара чатагы чыкты. Анда коңшу өлкөнүн тургундары кыргыз айылдарына басып кирип, унааларды, турак-жайларды талкалаганга үлгүрүшкөн. Эң кызыгы бул чыр-чатакты кыргыз бийлиги видео тасмаларга түшүрүп, коомчулукка таратууга тыюу салган. Бул эмнеси? Ошентип эле көйгөйдү жаап-жашырып отура берсе ал өзүнөн өзү чечилет беле? Андан дагы Баткен эли маселени чечүүгө өздөрүнүн жүйөлүү сунуштарын берип да жатат.

“Кыргыз жарандарына жер чуасткаларын бергиле, чек араны бекемдейли”, - деп жатышат. Ар кыл нерседен акча өндүргөндү туу тутуп алган жергиликтүү бийлик ага дагы көнбөй отурат. Андан сырткары, “Тажикстан менен чек араны бир-эки айга жаап салгыла, тажиктер өздөрү чөгөлөп келет”, - дешүүдө. Ага дагы көнбөйт.

Эмне себептен? Себеби, Кыргызстандагы жогорку чиновниктер контрабандадагы үлүштө отурушат. Чек араны бууса анда алардын каржы булактары кыркылат. Ошондуктан чек ара маселеси жакын арада чечилиши чоң күмөндү жаратат. Ал эми кечээ чек арада элдин коопсуздугун камсыз кылып жүргөн аскер кызматкерлеринин чарчап, эс алып жаткан сүрөтү тарап, кыргыз элинин жүрөгүн оорутту. Эми акыркы маалыматтарга таянсак, бүгүн түнү менен чек арадагы Көк-Таш айылында кайра атышуу болгондугу кабарланууда.

Булак: NаzarNews.kg

 

Последние новости