www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иранда генерал Касем Сулеймани менен коштошуу зыйнатында каза болгондордун саны 50дөн ашты. Бул тууралуу, Иран басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 7- ноябрь күнү маркум генералды акыркы сапарга узатуу зыйнатына миллиондон ашуун адам келип, адамдар арасында тыгын жаралган. Тыгындан улам, адамдар тебелендиде калып, 50 киши каза болгон. Мындан тышкары 200дөн ашуун жаран жаракат алгандыгы маалымдалууда.
Белгилей кетсек, коштошуу зыйнатына миллиондон ашуун адам келгендиктен, акыркы сапарга узатуу иш-чарасы жылдырылган. Мындан тышкары, Ирандын бир нече шаарларында генералдын өлүмүнө байланыштуу, анын сүрөттөрүн көтөрүп алып акциялар дагы өтүүдө.
Эске салсак, 3-январда Иранда экинчи таасирдүү адам болгон генерал Касем Сулеймани АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругу менен өлтүрүлгөн. Мындан улам, Иран менен АКШнын ортосунда абал курчуп, эки мамлекет ортосунда тирешүү күчөөдө.
Булак: NazarNews.kg