www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда Шираз шаарындагы Шах-Черах мечитине кол салууга айыпталган Тажикстандын жараны Рахматулло Наврузовго өлүм жазасы белгиленди.

Быйыл 13-августта Ирандагы шииттердин беш ыйык жайынын бири эсептелген Шах-Черах мечитине кол салууда эки киши каза болуп, жетөө жаракат алган.

"Мизан" агенттиги мечит жайгашкан Фарс провинциясынын башкы прокурору Сейед Казем Мусавиге шилтеме кылып, "Мустафа Исломьёр" каймана аты менен белгилүү Рахматулло Наврузовго "эки жолу өлүм жазасы белгиленгенин" кабарлады. Анын айтымында, бул иш боюнча дагы бир нече кишиге айып тагылган. Алар "кылмышкерлердин чыныгы ниетин билбегендиктен", ар бири беш жылга соттолду.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө Наврузов "Ислам мамлекети" террордук уюмунун мүчөсү экенин мойнуна алган. Азырынча Тажикстандын укук коргоо органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Фарс провинциясынын бийлиги Шах-Черах мечитине кол салуу – буга чейин өлүм жазасына тартылган террорчулар үчүн өч алуу болушу мүмкүн экенин билдирүүдө.

Быйыл июлда Иранда 2022-жылдын 27-октябрындагы аталган мечитке кол салууга айыпталган Мохаммед Ромиз Рашиди менен Наъим Хашем Кетали өлүм жазасына тартылган. Бул иште айыпталуучу катары өткөн дагы үч киши 5, 15 жана 25 жылдарга эрктеринен ажыратылган. Анда иран басылмалары соттолгондордун паспортторунун сүрөтүн жарыялаган. Алардын бири Тажикстандын Комрон Субхон аттуу 23 жаштагы жараны болгон. "Тасним" агенттиги ал кол салуудан бир нече күн өткөндөн кийин алган жаракаттарынан улам ооруканада каза болгонун жазган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости