www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы украиналык жүргүнчүлөр учагын “адамдык факторлордон улам” ирандык ракеталар атып алганын мойнуна алган.
Мындай окуя көрсө, буга чейин болуп келген тура. Төмөндө жаңылыштык менен атылган 7 учак жөнүндөгү макаланы сиздерге сунуштайбыз.
1
«Боинг-737-800»учагы. Тегеран — Киев
Украина эл аралык аба каттамынын учагын 2020-жылдын 8-январында Тегерандын аэропортунан учкандан бир нече мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Натыйжада учактагы 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болуп, жалпысынан 176 киши каза болду.
Ирандын күч түзүмүнүн маалыматына караганда “адамдык фактордон улам” атылган учак боюнча күнөөлүүлөр жазаланарына Тегеран убада берди. Авиакырсыкты иликтөө иштери улантылууда.
2
«Боинг-777» учагы. Амстердам — Куала-Лумпур
Malaysia Airlines авиа каттамынын учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунда кулаган.
Борттогу 280 жүргүнчү жана экипаждын 15 мүчөсүнүн баары каза болушкан. Учак “Бук” зенит ракетасы менен 10 километр бийиктиктен атып түшүрүлгөн.
Иликтөө иштери бүгүнкү күнгө чейин токтой элек. Иликтөө учурунда учакты ким атып түшүргөндүгү дагы деле тактала элек. Бул иш боюнча эки шектүү бар:Украина куралдуу күчтөрүбү же Донецк элдик республикасыбы?
3
ТУ-154М учагы. Тель-Авив — Новосибирск
«Сибирь» авиакомпаниясынын Ту-154М учагы 2011-жылы 4-октябрда 11 миң метр бийиктиктен украиналык С-200 ракетасы менен атылган. Жүргүнчүлөр учагын аскердик окууда адаштырып алышкан.
Борттогу 66 жүргүнчү жана 12 мүчөсүнөн бири да тирүү калган эмес.
4
AIRBUS A300B2-203 учагы. Тегеран — Дубай
Iran Air авиаомпаниясынын учагына 1988-жылы 3-июлда 500 метрдик бийиктиктен АКШнын деңиз аскердик Vincennes крайсерлик ракетасы менен сокку урулган. Жалпысынан бул кырсыкта 290 киши набыт болгон.
Америка өкмөтүнүн маалыматына караганда Ирандын F-14 жарандык учагы Ирандын аскердик аба күчтөрү менен адаштырып алынган .
Бирок Иран муну Америка “атайын жасагандыгын” айтып келет.
5
«Боинг-747» учагы. Нью-Йорк — Сеул
Korean Air Lines авиакомпаниясынын түштүк кореялык учагы 1983-жылы 1-сентябрда ССРдин аскердик обьектилеринин үстүнөн аба мейкиндигин бузуп учуп өткөндүктөн, Су-15 аскердик учагы менен 9 миң метрдик бийиктиктен атылып салынган. Анда 246 жүргүнчү жана 23 экипаж мүчөлөрү каза болушкан.
1997-жылы жогорку кызматта иштеген япон аскердик чалгандоо кызматынын мурдагы кызматкеринин айтымында Түштүк Кореянын “Боинг-747” учагы америкалык атайын кызматтын тапшырмасын аткаргандыгын айтып чыккан.
Бул окуянын кенен таржымалы Иосиро Танакинин “КАЛ-007нин учуусу жөнүндөгү чындык” деген китебине чыккан.
6
MCDONNELL DOUGLAS DC-9 учагы. Болонья жана Палермо
Aerolinee Itavia авиакомпаниясынын италиялык учагы 1980-жылы 27-июнда абадагы кагылышы НАТО учагы жана ливиялык учактын ортосунда болгон. 81 киши каза тапкан. Бир нече эксперттер изилдеп, жарандык учакка кокусунан француз же италиялык аскердик учагы кол салган болушу мүмкүн.
7
«Боинг-727-224» учагы. Триполи — Александрия
Libyan Arab Airlines аба каттамынын ливиялык учагы Синай жарым аралынын үстүндө 6 миң метр бийиктикте 1973-жылы израилдик F-4E Phantom II аскердик учагы тарабынан сокку урулган. Учак Каирге жакындап калганда кум бороонуна кабылып, Синай жарым аралынын аймагына өтүп кеткен. Ошол учурда жарым аралдын аймагына Израиль ээлик кылып турган.
Израилдик учкучтар ливиялык экипаж менен байланышууга аракет кылышканы менен майнап чыкпагандыктан, ракета менен сокку узатылып, жабыркаган учак конууга мажбур болгон. Натыйжада учак күйүп кетип, бир нече киши гана.
Булак: NazarNews.kg