www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш узак болуп, адамга күндүн нуру жетишпегенде депрессия башталат .

- Депрессия – кыргызча атканда көңүл чөгүү. Бул дарт жөнөкөй көрүнгөнү менен өтө оор. Азыр көбүнчө 40 жашка чейинки адамдар депрессияга чалдыгып жатышат. Күнүмдүк турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүгү жетпей башым, жүрөгүм, омурткам ооруп, чарчап-чаалыгып, уйкум качып, көңүлүм чөгүп жатат деп кайрылгандар көп. Алардын организмин текшерсек саламаттыгы таза. Врачтар билбей жатышат. Менде катуу оору бар деп табып, көзү ачык, экстрасенстерге көрүнүшөт. Алар сага дуба, көз тииптир деп эмдөөгө аракеттенишет, бирок натыйжа чыкпайт. Ошол себептен азыр 20 %га чейинки адам депрессиянын оор абалында турат.

Күндүн нуру күчтүү тийген маалда адамдын организминде заттар бөлүнүп чыгат. Ошол заттар адамда депрессияга каршы иммунитет пайда кылат. Кыш узак болуп күндүн жарыгын азыраак алып, сууктан коркуп үйдө отурабыз. Жылдын мезгили да кандайдыр бир деңгээлде адамдын ден-соолугуна тасир берет. Норвегия, Финляндия сыяктуу түндүктө жашаган өлкөлөрдө күн аз тийгендиктен депрессяга чалдыккан адамдардын саны көбүрөөк. Өзүнө-өзү кол салуу депрессияга чалдыккан адамдардын 20 % түзөт. Айрым жаштар депрессиядан чыгалбай өлүп жатышат. Ал эми эркектердин көбү депрессия убагында аракка берилет. Жапжаш кыздар чачын да тарагысы келбей, тез чарчап, алы кетет.

Бизде депрессия тууралуу түшүнүк аз. Экинчиден каражат жок, үчүнчүдөн атайын адистер жетишсиз. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун атайын аныктамасы бар. Дени сак адамды кантип түшүнөбүз дегенде биринчиден, физикалык жактан органдары таза болсо, экинчиден психикалык абалы жакшы, депрессиясы жок болсо, үчүнчүдөн социалдык жактан камсыз болгон адамды чыныгы ден-соолукта деп эсептесе болот дейт. А биз болсо органдарды дарылап жатабыз, социалдык абал колдон келишинче, а психикалык ден-соолукка карата көз караш жок. Учурда депрессияны толук дарылоого мүмкүнчүлүк бар. Психиатр десе эле мен эмне жинди болуп калдымбы деп чочулашат. Бул деле башка оорулардай өтүп кетчү дарт.

Жазда аба ырайы, мезгил алмашат. Ушул маалда да организмде депрессияны колдой турган ыңгайлуу шарттар, биохимиялык өзгөрүүлөр пайда болот. Адамдын башында сиротамин деген зат бар. Эгер ал бөлүнүп чыкпаса биз депрессияга түшүп калабыз. Адам бардык жагынан жетиштүү, көйгөйү жок болсо да депрессияга туштугат.

Белгилери:
Адегенде турмушка болгон кызыгуу азаят, мурда бир нерсеге кубанып, максат коюп, энергиялуу адам тез эле кайдыгер тартып калат. Турмуштан байыр алуу жоголуп, тамакка табити тартпайт, баш оору, уйкунун бузулушу, ыйлаактык, таарынчаактык, өзүн-өзү күнөөлөө күч алып, өлүмдү самай башташат. Эске тутуу начарлайт, тез унутат. Абдан санаачыл тартып, асан кайгы болуп, болбогон нерсеге туталанып, көңүл ачуучу жерлерге баруудан качат. Көпчүлүккө аралашкысы келбейт. Башы ооруп, омурткасы сыздайт. А биз аны остеохондроз деп дарылап жатабыз. Кээси мойнуна туз уюп калыптыр дешет. Эгер ошол тузду массаж кылса бир нече убакыттан кийин жеңил сезип калат. Бирок ал кайра эле башталат. Кээси баштын ичинде кан басымым бар дейт. Ушулардын баары депрессиянын белгилери. Кээ бирөө тынч отурса деле кыймылдап сөөктөрүн кычырата берет. Ал адамда жашыруун депрессия болушу мүмкүн. Эгер ушундай акыбал эки жумадан ашык созулса, анда дарылануу шарт. Кээде бир жарым эки жумадан кийин организм депрессияга каршы күрөшүп өтүп кетет. Адам биринчиден өздөрүнүн психикалык ден соолугуна көңүл бурушу керек. Депрессиядан дарыланбай жүрө берсе башка ооруларды ырбатып өмүрү өкүнүчтүү аяктайт.

Депрессиядан кантип чыкса болот?

Депрессиядан чыгуу үчүн ар бир адам өзү аракеттенип, таза абада дем алып, күнгө чыгып, жакшы нерсеге алаксып, режим сакташ керек. Эгер ошондо да колунан келбесе адиске кайрылышы шарт. Мындай адамдарга негативдүү, ызы-чуулуу тасмаларды карабай, митинг, пикетке чыкпай, комедия көрүп, жагымдуу, жай музыканы уккула деп айтабыз. Адамдын көңүлүн көтөрө турган чыгармаларды угуп, көрүш керек. Өтө кызыл, кочкул, кара түстөгү өң адамды чарчатат депрессияны ого бетер күчөтөт. Көгүлтүр, ачык жашыл түстөр көңүлдү көтөрөт. Депрессия учурунда апельсин, алма, курма, банан, ак шоколад жесе баштагы сиротаминдин иштеп чыгышына жол берет.

Депрессияны «кылымдын дарты» деп атап коюшат. Учурда чоӊ-кичине дебей бул сөздү колдонбогон адам жок калды окшойт. Узак депрессиянын алдын албаса адам өмүрүнө кооптуу. Кызыгы, окумуштуулар бул дарттын да оӊ таасирлери бар экенин айтып чыгышты.

Эмнеден улам…
Депрессия – жан дүйнөнүн дартка чалдыгышы. Аны денеге кандайдыр бир вирус кирип алгандай элестетсе болот. Айрымдар табиятынан пессимист келип, болбогон нерселерден улам стресс боло берсе, кээ бирлерде ар түрдүү факторлордон (ажырашуу, жумуштан ажыроо, иши жүрүшпөө, жакын адамын жоготуу жана башка) улам депрессия келип чыгат.

Кантип чыгуу керек?
Психологдордун айтымында, сезондук депрессиядан чыгуу оӊой, ал эми узакка созулган депрессия адамдын денсоолугуна гана зыян кылбай, айрым учурда өмүр менен кош айтышууга алып келет. Андыктан депрессиядан чыгууга аракет кылыӊыз.

1-эреже. Башыӊыздан оор кырдаал өттү. Болор иш болду. Бирок окуяга эч ким күнөөлүү эмес, бирөөлөрдү же өзүӊүздү жектеп, жегенди токтотуӊуз!

2-эреже. Өзүӊүздү ошол сизди кыйнаган абалга алып барып, эмоция менен баарын эстеӊиз, кыйкыргыӊыз келсе кыйкырып, ыйлагыӊыз келсе ыйлап алыӊыз да, ошол абалды жүрөктөн чыгарып салсаӊыз жеӊилдеп каласыз.

3-эреже. Өзүӊүздү бир нерсе менен алаксытканыӊыз оӊ, хоббиӊиз менен алек болуӊуз. Сизди сындаган, абалыӊызды түшүнбөгөн адамдардан алыс болуӊуз.

4-эреже. Денеӊизге физикалык жүк көбүрөөк үйүӊүз, бир нерсе менен алек болгондо сизди кыйнаган ойлор аз болсо да алыстап, кечинде уйкуӊуз тынч болот.

5-эреже. Мончого баруу керек, анткени денедеги жаман энергиядан арыла түшөсүз. Чач кестирип, массаж алыӊыз, дүкөн аралап өз стилиӊизди издегенге аракет кылыӊыз, жашооӊуздун жаӊы барагын ачыӊыз. Бул өз баалуулуктарыӊызды калыпка келтирип, жашооӊузду жаӊы тепкичке көтөргөнгө жардам берет.

Депрессиянын оң жактары
Нидерландылык психологдор депрессиянын да оӊ жактары бар экенин айтышат.
•Бул дартты жеӊип чыкса, кийин ал адам мурункуга караганда алда канча күчтүү болуп калат. Ар кандай абалга, жашоонун күнгөй-тескейине оӊой менен сынбайт жана башка адамдардын кемчиликтерине кечиримдүүлүк менен карашат.

•Депрессиядагы адам көп учурда тамактан баш тартат. Мындай учурда ички органдар жакшы иштеп, бир сыйра тазаланып калат.

•Бул абалда адамдар майда-барат нерсеге көӊүл бурбай калгандыктан мээнин алдыӊкы бөлүгү жакшы иштеп, аналитикалык ой жүгүртүү системи жакшырат. Вирджиния университетинин окумуштуулары эксперимент жүргүзүшкөндө, депрессиядагы студенттер экзаменге даярдыксыз кирсе да, мыкты жооп берип чыгып кетишкен. Демек, мээнин иштеши жакшырат.

•Көп учурда бул дартты жеӊип чыккандардын ден соолугу жакшырып, көпкө жашаарын окумуштуулар айтып чыгышкан.

•Стресс – иммундук системди күчтүү кылат.

(Фейсбук баракчасынан алынды)

Последние новости