www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина авиалайнери жарылган убакта көргөн күбөлөрдүн айтымында Тегерандан Киевге учкан учак жерге жеткенге чейин эле өрттөнүп кеткен. 

Ирандын жарандык авиация уюму “Украина эл аралык авиалиниясынын” Boeing 737 учагынын Тегеранда кулашы боюнча алгачкы иликтөөсүн жарыялады.

Алдын ала берилген маалыматтар боюнча украиналык учак жерге кулаштан мурда күйүп кеткен. 

“Күбөлөрдүн айтымында өрт учактын фюзеляжынан (учуучу аппараттын корпусунан) тараган”,-деп айтылат документте. 

Мекеменин билдиргенине караганда лайнер техникалык мүчүлүштүк байкалгандан кийин учуу траекториясын аэропорт тарапка бурган. Мындан сырткары учкучтар бортто штаттан сырткаркы кырдаал жаралгандыгын кабарлашкан эмес. Алдын ала такталган маалымат учакты өндүрүүчү мамлекет катары АКШга, учакты каттоого алган жана жарандары каза болгон Украинага жана Швецияга жиберишкен.

Эскерте кетсек, “Украина эл аралык авиалиниясы” компаниясынын лайнери 8-январда Тегерандын имам Хомейни  атындагы эл аралык аэропортуна жакын жерде кулаган. Борттогу 176 жүргүнчүнүн бири да кырсыктын кесепетинен тирүү калган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости