www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ири көлөмдөгү баңгизатты сатууну уюштурган шектүү кармалды, деп маалымдады Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы.
22-апрелде шардык милиция бөлүмүнүн Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Октябрь районунда ири көлөмдөгү баңгизат таратуу фактысы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен каттоого алынып, шектүү катары 1998-жылы туулган А.И. аттуу жаран кармалган. Кармоо учурунда анын жанынан 160 даана кутучага салынган баңгизат табылган. Табылган заттын жалпы салмагы 6 кг 776 граммды түзгөн. Сурак учурунда ал баңгизаттын жалпы баасы 18 млн 360 миң сомду түзөрүн айткан. Ал баңгизатты Telegram аркылуу алып, кийин аларды бөлүштүрүп, катып бул үчүн акча алган. Шектүү 1-абакка киргизилди.