www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы катары саналган Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкина: "Көптөгөн эркек депутаттар Атамбаевден кабар алуудан коркушат", -деп Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. 

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана Альфия Самигуллина УКМКнын абагына барып, Атамбаев менен жолугуп келишкен.

"Биз Атамбаев менен Кой-Таштагы окуядан кийин кармалып,  СИЗОдо отурган балдар жөнүндө сүйлөштүк. Аларда эмне күнөө? Алар Атамбаевди коргоп чыгышкан. Атамбаев күнөөсү далилденсе камакта отурганга даяр", - деп жазат депутат.

Ал эми сөзүнүн аягында, Атамбаев Жээнбековдорду кечирүүгө даяр экендигин, бирок, өзү аларды кечирбестигин кошумчалаган Ирина Карамушкина.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости