www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Марлен Маматалиев «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирип, андан натыйжа чыгып жатканына токтолду. Ошону менен катар депутат камера коюлбаган жерлерде МАИ кызматкерлеринин иши ар кандай жагымсыз аракеттер менен коштолуп жатканын баса белгиледи. Мындай жагдайдан чыгуунун жолу катары М.Маматалиев жол эрежесин бузган фактыларды мобилдик телефон менен фотофиксация кылып, электрондук түрдө базага киргизүү боюнча атайын мобилдик телефонго тиркеме иштеп чыгууну сунуш кылды.

Эл өкүлүнүн айтымында, мындай мобилдик тиркемени патрулдук милиция кызматкерлери дагы колдонсо болот. «Эгер тиркеме иштеп чыгууда каржылык маселе чыкса, мен мындай тиркемени иштеп чыгууну жеке өзүм колго алам», - дейт М.Маматалиев.

Санариптештирүүнүн алкагын кеӊири жайылтуу жагына депутат Махабат Мавлянова дагы токтолду. Ал чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн эмгек мигранттарыбыздын – мекендештерибиздин айдоочу күбөлүгү сыяктуу документтерин жоготуп алып, кыйынчылыктарга туш болуп жатканын айтты. Депутат санариптештирүүнүн мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен жоготуп алган документтерин аралыктан калыбына келтирип берүүнү сунуш кылды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости