www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үйдөгү эки-үч баланы эле багуу, алардын түйшүгү, жоопкерчилиги канчалык экенин ата-энелер жакшы билет эмеспи. Ал эми “Эне-бала мээрими” коомдук фондунун жетекчиси Иса Өмүракунов 30 балага тарбия берип, өз балдарындай эле камкордук кылып, кем-карчын бүтөп, курсагын тойгузуп, кадимки ата милдетин аткарат. Сокулук районунун Маловодное айылында жайгашкан аталган балдар үйүнө барып, ал-акыбалын билип кайттык.

-- Иса байке, жеке балдар үйүн ачып, иштеп жатканыңыздын олуттуу бир себеби болсо керек?

-- Туура. Негизи ар бир иш жөн жерден башталбайт экен. Бул балдар үйүнүн ачылышы да ойдо жок жерден пайда болду. 2009-жылы бир таанышымдын кызы турмуштан жолу болбой, ур-токмокко кабылып, үч бала менен ажырашууга аргасыз болуп калды. Анан эле таанышым “кызым Россияга барып иштеп келсемби деп жатат. Бирок, үч баласын кайда таштарын билбей бушайман. Бизге калтырайын десе күйөө бала тынчтык берчүдөй эмес. Убактылуу балдарды карай турчу жерлерди билесиңби?” деп жардам сурап кайрылып калды. Убактылуу бала багуучу балдар үйүнө кайрылсак, ал жакта тартип боюнча жети жаштан жогорку балдарды гана кабыл алышат экен. Тиги келиндин улуу баласы 6га чыкса, кичүүсү араң 2де болчу. “Бала тамырчы” деп коёт эмеспи. Эки жаштагы баласы апасын этектеп, таштап кетерин кадимкидей сезип жатат. “Атаганат! Эне менен бала эч качан ажырабаса” деп кейидим ошондо. Анан баягы келинге “мен үй-жай таап жардам берсем, балдарыңды таштабайсыңбы?” деп сурадым. Ал дароо эле “жакшы болмок. Анда мен деле балдарымдын жанынан чыкпайт элем” деп калды. Ошентип келинчегим менен кеңешип, ижарага үй алып, үч балалуу келинге камкордук көрө баштадык. Кылган ишибиз ар кимге тарап отуруп, жардам сурап бизге кайрыла башташты. Көпчүлүгү турмушу болбой же жашоодон алданып, кош бойлуу болуп калган жаш кыздар болду. Тагдырдын оош-кыйышына кабылган жаш кыздар ата-энесинен коркуп, элден намыстанып балдарын ар кай жакка таштоого аргасыз болгондор аз эмес. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, кимдер гана жаңылбайт?.. Убагында катасын моюндап, туура жолго багыт алса,  бул да жеңиш. Андыктан балдарын таштандыга же көчөгө таштагандан көрө, эне менен баланы ажыратпай “кандай күн, кандай тагдыр болсо да өз балаңды таштаба! Биз жардам беребиз” деп баладан баш тартууга жол бербей, биргеликте камкордукка алып, эки жыл иштедик. Андан соң  2011-жылы “Эне-бала мээрими” аттуу фонд түзүп, официалдуу түрдө иштей баштадык. Бара-бара жетим калган балдарды да алып келип отуруп, азыр өзүнчө бир чоң үй-бүлөгө айландык.

-- Учурда бул үйдө канча бала тарбияланууда?

-- Убакыт билинбей эле иштеп жатканыбызга быйыл он жыл болуп калыптыр. Бул аралыкта 100дөй кыз-келиндерге, 150гө чукул өспүрүмдөргө көмөк көрсөтүп, уядан учурдук. Учурда 30 бала тарбияланууда. Алар ар башка улуттун балдары. Бирок, баары кыргызча так сүйлөшөт. “Силер бир туугансыңар” деп бири-бирине жөлөк болууга үндөп турам. Өздөрү да мени “ата” дешсе, келинчегимди “апа” деп кайрылышат. Ата-эне мээримин көрбөй калган бул балдар үчүн мээрим төгүп, толук кандуу үй-бүлөдө жашап жаткандай эле шарт түзүп бергенбиз. Көп убактым ушул балдар менен өтүп, отуз балага ата болдум. Өзүбүздүн беш балабыз бар. Улуулары окуп, иштеп калышты. Кичүүсү эки жарым жашта. Келинчегимдин биринчи кесиби акушер, экинчи кесиби психолог. Балдар менен иштешүүдө жубайымдын салымы зор. Эне катары ал да ар бир балага боор тартып турат.

-- Балдар үчүн кандай шарттар түзүлгөн, ийримдер барбы?

-- Булар деле бир нерсе билип чоңоюп, эртеңки күнү нанын таап жесе деген ойдо биз тигүүчүлүктү, ашпозчулукту үйрөттүк. Жөндөмдүүлөр тез эле эбин таап кетишет. Мектеп курагындагылар мектепке барып билим алышат. Балдарыбыз күрөшкө кызыккандыктан аларды күрөшкө берем. Ниара деген таланттуу кызыбыз бар, ал комузга катышат. Өзү башка улуттан болсо да “ата, мага кыргызча ат коюп, кыргыз тилин үйрөтүңүзчү” дейт бир күнү. Анан ага Таңсулуу деген ысым ыйгаргам. Абдан жароокер кыз. Бир жолу ооруп төшөккө жатып калсам, “ата, сиз өлүп калбайсызбы? Өлүп калсаңыз биз эмне кылабыз?” деп зээнди кейитти. Томолой жетим калган балдар ата-эне жоготуу кандай кыйын экенин сезип калышты да. Анан “Кудай ушу силерди баксын деп мага алып келип берип, анан мени өзү алып кетип калмак беле?” деп койсом, байкуш сүйүнүп калды. “Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы” дегендей, биз алар үчүн чыныгы ата-энеге айландык.

-- Балдар эмнеге муктаж, дегеле каражат маселеси кандай?

-- Өспүрүм балдар дайыма өсүп тургандыктан, азык-түлүк, кийим-кечеге муктаж болобуз. Бала да, аяп кийүү дегенди билишпейт. Мисалы, бир кап ун 10 күнгө эле жетет. Бирок, бир туугандай эле болуп калышты. Бири-биринин кийимин кийе беришет. Жаңы кийимдерди да алып берип турабыз. “Ар бир баланын өз ырыскысы бар” дегендей, кайрымдуу адамдар көп жардам кылышат. Өзүм мал чарбачылык менен да алектенем. Тапкан-ташынганымды балдарыма жумшап, шарт түзүп бергенге аракет кылам. Бул үйдү да демөөрчүлөрдүн жардамы менен өзүм курдум. Эми балдар үчүн мончо курууну пландагам. Демөөрчүлөр болсо күзгө чейин мончобузду бүтүрүп алсак дейм. Көпчүлүк мончолорго балдарды алып бара албайбыз. Ал жакта ар кандай адамдар түшүшөт. А булар бала да, балдардын саламаттыгы биз үчүн баарынан маанилүү. Бизге көмөк көрсөтүүнү каалагандар 0705-32-16-63 номуруна кайрылышса болот.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости