www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Исаков 3 жылга кесилди

Сузак райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Музаффар Исаковду үч жылга шарттуу кесип, беш жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматтарга иштөө укугунан ажыратты. Мындай чечимди сот бүгүн 28-декабрда кабыл алганын укук коргоочу Анарбай Орозов "Азаттыкка" билдирди.

Мамлекеттик айыптоочу Исаковдун үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен аны 12 жылга эркинен ажыратууну жана сот залынан камакка алууну өтүнгөн.

Экс-депутат менен чогуу айыпталып жаткан райондук архитектуранын жана Таш-Булак айыл өкмөтүнүн кызматкерине карата да үч жылдык шарттуу мөөнөт берилди.

Башкы прокуратура Музаффар Исаковго 2017-жылы Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ага “Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости