www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2018-жылдын 28-декабрь күнү Бишкек шаардык Мэриясында Бузуулардын бирдиктүү реестринин бетачары болуп өттү. Бул боюнча ИИмдин Басма сөз кызматы билдирди. Аталган  иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, ИИМдин, шаардык администрациянын жана райондук акимиаттын  жетекчилик курамы  катышышты. Бүгүнкү күндө ИИМ тарабынан Бузуулардын бирдиктүү реестри менен иштөө,  маалыматтар базасы менен иштөө жана ага маалыматтарды киргизүү боюнча  бетачаарлар жана окутуучу иш-чаралар башталып, активдүү өткөрүлүп жатат. Бүгүнкү презентацияны ачып жатып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун  басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов: Кодекстердин толук  кандуу иштеши үчүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин   иштөөсүн камсыздоо Башкы прокуратурага жүктөлгөн жана 85% кылмыш иштерин ички иштер органдары иликтегендигине байланыштуу ага ИИМ активдүү катышып жатат. Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча жоопкерчилик ИИМге жүктөлгөндүктөн, аны менен жетектөөдөмүн. “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” ишке киргизүү боюнча иштер   толугу  менен аяктады жана ИИМ кийинки ишке ашыруусуна толук даяр (Кыргыз  Республикасынын Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин Мыйзамдарды бекитүү жана механизмдер бөлүгүндө айрым келишпестиктерди жоюу тууралуу Жарлыгынан кийин аталган Мыйзамга ылайык Бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндөгү Жобосун бекитүү тууралуу Өкмөттүн токтому кабыл алынган).   Бузуулардын бирдиктүү реестринин ишине 32 субьект, алардын ичинен  алтоосу негизги субьекттер болуп саналат”-деп билдирди. Ошондой эле министрдин орун басары “Бузуулардын бирдиктүү реестри”  автоматташтырылган маалыматтык системасын түзүү боюнча иш толугу менен  аяктады. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жайылтуу боюнча бардык зарыл  болгон иш-чаралар толук көлөмдө жүзөгө ашырылды. Албетте, Бузуулардын бирдиктүү реестри менен иштегенде кээ бир  кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок биз аларды чечебиз деп, бекем ишенем.  Келе жаткан жаңы 2019-жылы мыйзамдарды гумандаштыруу, адамдын укутарын  натыйжалуу коргоону жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын  ишмердигинин ачык, айкындуулугуна жетишүү максатында мамлекеттик  органдар жаңы кодекстер боюнча иштеп башташат”-деп маалымдады. Бишкек шаардык Мэриясында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык  технологиялар башкы башкармалыгынын кызматкери “Бузуулардын бирдиктүү  реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча тааныштырды. Иш-чаранын аягында Курсан Асанов Бишкек шаарынын мэрин жана  катышуучуларды келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктап,  баардыгына ден  соолук, бакубат жашоо, өлкөбүзгө жаңы жетишкендиктерди жана ийгиликтерди  каалады.

Булак: NazarNews.kg  

 

 

 

Последние новости