www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Исхак Абсаматович, жетинчи чакырылышта депутаттардын саны 120дан токсонго чейин кыскарды. Бирок, комитеттердин саны дээрлик ошол бойдон эле калды. Эмне үчүн андай?
- Комитеттердин саны өтө деле маанилүү эмес. Себеби, комитетке кошумча чыгаша жок. Комитеттин төрагасы, анын орун басары кадимки эле депутат, аларга айлык кошулбайт, жардамчы, консультант да берилбейт. Бир гана маселе, комитеттин аппараты бар. Эгер ошол аппараттын санын чоңойтпой туруп комитеттердин санын көбөйтсө болот.
Азыр тогуз комитет бар, мурунку чакырылышта эки комитетке көбүрөөк болчу. 1995-жылдан 2000- жылга чейин мыйзам чыгаруу жыйыны болуп турганда, 35 депутатка он бештей комитет туура келчү. Бирок, анда жалпы аппарат комитет үчүн иштечү, өзүнчө аппараты болчу эмес. Ошол принциптен алганда, комитеттин саны көп болгонунун эч зыяны жок. Иш батыраак жылат.
Бирок, экинчи жагынан комитетти түзгөн оңой, анан жыйынга чакырганда кворум топтош кыйын. Бирөө командировкага кетет, бирөө ооруп калат... Ошон үчүн бул жагынан оптимизация жасап, иштегенге ыңгайлуу кылыш керек. Негизи парламенттик республикада жумуштун 60-70 пайызы комитетте бүтүшү шарт.
Байкасаңар, ушул жерде аябай кызуу талкуу болот. Анан палатага чыкканда ошол эле комитеттин мүчөлөрү кайрадан суроо беришет. Суроону биз, комитетке мүчө эместер берсек болот, алар болсо колдоп, же колдобошу гана керек. Натыйжада, өтө деле маанилүү эмес мыйзамдар боюнча деле талкуу эки-үч саатка созулуп кетет.
- Комитеттин курамы көп учурда депутаттардын каалоосу боюнча куралат, ушул туурабы? Каалоодон башка, адистиги боюнча да төп келиши керек го?
- Ар бир депутаттын экиден диплому бар. Бири боюнча тиш доктур болсо, экинчиси боюнча юрист. Анан кээ бир кишилер төшүнө депутаттык төш белги тагылгандан кийин эле өзүн керек болсо гинекологиядан тартып, ракета куруу тармагына чейин адис катары эсептей башташат. Албетте, адистиги боюнча барса жакшы болмок.
Аз сандуу фракциялардын жөнү башка. Мисалы, биздин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясында алты эле депутат бар. Ошон үчүн мен эки комитетке: отун энергетика жана транспорт боюнча комитетке мүчө болуп жазылдым. Дагы бир комитетке мүчө болоюн деген оюм бар. Себеби, мыйзам боюнча депутаттардын саны комитеттердин саны менен дал келбесе, анда ошол фракцияга эки-үч комитетке жазылганга уруксат берилет.
Бирок бир талап менен: ал комитетте фракциядан бир гана мүчө болушу керек. Жогорку Кеңештин ишине аралашкан жыйырма жылдан бери мен кесибим милиционер, укук коргоочу болгондуктан, конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетке гана мүчө болуп келгем.
- Эл аралык байланыштар комитетине кызыккандар аябай көп, себеби, чет элге тез-тез чыкканга мүмкүнчүлүк болору айтылат. Ошол чынбы?
- Мурда чет өлкөлөргө командировкалар көп болчу эле. Бирок, акыркы эки жылда, пандемия башталгандан бери чет элдик иш сапарлар аз болуп калды. Андыктан, кимдир бирөөлөр комитетке дал ушул максат менен жазылган болсо, ал максатына жете элек азырынча. Кийинки жылы ким билет?.. Акыркы окуяларга байланыштуу дүйнө кандай өзгөрөрүн айтыш кыйын.
Биз көптөгөн парламенттер аралык уюмдарга мүчөбүз. Анан алар бизди Европага, АКШга чакырышат. Биз барабыз, же тил билбейбиз. Жөн гана барып, көрүнүп коюп кайра келебиз. Страссбургда же Парижде сүрөткө түшүп келгенибизге курсантбыз. Андан көрө Россия, Казакстан, Өзбекстан сыяктуу өлкөлөр менен парламенттик кызматташууну күчөтсөк, пайда көбүрөөк болот эле. Бизге биринчи кезекте жакынкы кошуна өлкөлөр менен тыгыз кызматташтык жетишпей жатат. Өзбекстандын, Тажикстандын, Казакстандын парламенттери менен аябай тыгыз иштешибиз керек эле.
Булак: Азия News гезити