www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынын айтыш керек, бийлик үгүт ишине жакшы шарт түзүп берди. Албетте, акыркы күндөрдө оппозициялык маанайдагы лидерлерге карата кара пиарлар абдан көбөйдү. Ошондой болсо дагы, шайлоо маарасына чейин калыстык кармалды. Президент таза шайлоо боюнча тынымсыз билдирүү жасап, баш ийбегендерине чара көрдү. Эки күн мурун Садыр Жапаров Кеминге барганда дагы кескин пикирин билдирип: «Шайлоого ким кааласа катышып жатат. Оппозициясы, позициясы бар. «30 жылдан бери келаткан эски жүздөр, сайраган сагызган»  — ​деп айтып жатасыңар. Эч кимисине бут тоскон жокпуз. Мурда бийликтин гана партиясына иштешчү. Оппозиция көчөдө калып аларга свет, залды, керек болсо көчөнү да берчү эмес. Анын баарын жок кылдык. Биз демократиялуу өлкөбүз» — ​деди. Биз ушул ойду улай, коомчулукка төмөндөгүдөй суроо салдык.

— Бийлик калыстыкты кармап, административдик ресурсту колдонгондорго чара көрүп, талапкерлердин баарына бирдей шарт түзүп берди. Эми шайлоо күнү капчыктуу адамдар эски илдет менен добуш сатып алууларды уюштуруп, таза шайлоо ураанына көө жаппайбы?

   — Ураан менен иш эки башка түшүнүк. Капчыктын күчү чоң, айрым жарандарыбыз да көнүп калган. Ошондуктан, менин кабарым боюнча, кээ бир талапкерлер акча беришет. Жолу ар кандай, бирөөсү үгүттөөчүлөрдүн санын көбөйтүп, аларга чоң айлык берет. Башкасы жашыруун жолу менен. Ошондой эле бир талапкерге кайра-кайра эскертүү берет да (Д. Жумабеков), башкасын бир ката үчүн алып таштайт. Кайсы бир талапкер ачык эле «мен бийликтин партиясынанмын» десе да чара көргөн жок. Мадумаровду өлкө башчы ачык эле каралап жүрөт…

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости