www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев улуу инсан Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира Раззаковага жана небереси Беркке жолугуп, ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу маалыматты Сайрагүл Дуулатова билдирди.

“Элмира Раззакова Кыргызстанда болгон жанылыктарды угуп, окуп турат экен. Чек ара, мигранттар маселесине кейип, элибиздин жашоосу жакшырса деген тилегин билдирди. Элмира эжебиз 4-жолу инсульт алган, ден соолугу начар, даары-дармектин күчү менен эле жашайт. Жашоо-шарты албетте оор эле. Уулу Берк да иштебейт, майыптыгы бар”, - деди депутат Т.Тиллаев.

Андан сырткары депутат улуу инсандын урпактарына акчалай жардам берип мындан ары улуу инсан Исхак Раззаковдун кызы Элмира эжеге жашоо-шартын жакшыртууга тийиштуу аракеттерди көрөрүн билдирди.  

Эскерте кетсек, 2020-жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости