www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жумада башталган «Charlie Hebdo» журналындагы Мухаммед пайгамбарга жана Түркия президенти Эрдоганга карата тартылган карикатура, Франция президенти Макрондун сөзү, ага каршы Түркия президенти Эрдогандан айтылган сөз, дүйнөдөгү бир жарым миллиард өкүлү бар мусулман дүйнөсүнүн көтөрүлүп чыгышы, ааламга оор кесепеттерди алып келди. Ниццанын Нотр-Дам-де-Ницца чиркөөсүндө мусулман террористтери бирөөнүн башын кесип, бир кишини чала мууздап, бир кишини өлтүрүп кетишкен.Эгемендүүлүк жылдары кыргыздардын катуу христиандаштыруу байкалды. Ар кайсы сектанын өкүлдөрү элет жерин аралап кирип кетти. Мусулмандар коюлган көрдү, христианга киришкендер үчүн бербейбиз дешкен талаш-артыштар чыкты.Совет маалында титулдук калктын христиандык динге кириши уят катары бааланса, акыркы жылдары протестанттык чиркөөлөрүнө, баптистке, иегового өткөн кыргыздар көбөйө баштады. Христиандыкка өтүп кеткен кыргыздардын саны 15 миң адамды түзөт, балким андан да көптүр. Башкысы титулдук калктын өкүлдөрү ата-бабабыз туткан динде болгонубуз жакшы болмок. Акыркы мезгилде дин өкүлдөрүнүн саясатка кийлигише баштаганы ачык билине баштады. Дин өкүлдөрү Кыргызстандын башка жарандары сыяктуу эле шайлоого же шайланууга мыйзам боюнча укуктуу. Кыргызстандын көпчүлүгүн мусулмандар түзөт, бирок Конституция боюнча Кыргызстан светтик мамлекет. Дин мамлекеттен бөлүнгөн.Эгер диний мамлекет болгондо диндин мамлекеттик иштерге кийлигишүүсү туура эле болмок.

Тарыхка кайрылалы совет мамлекети диндин идеологиялык душманы болуп эсептелген. Ал эмес Карл Маркс айткан трактовканы толук изилдебей туруп: «Дин-бул апийим» -деген сөзүн бөлүп алып, динге каршы аянбаган согуш ачкан, нечендеген христиандык чиркөөлөрдүн, мусулмандардын мечиттеринин таш-талканы чыгып, коммунисттик адамзаттын жүрөгүндө илимий атеизм бекем орногон. СССРдин бырын-чырыны чыгып, коммунистер партбосстор менен бирге изин сууткан соң, бул мейкиндикте он беш мамлекет пайда болду. Эгемендүүлүккө колу жеткен Кыргызстанды биринчи президент Аскар Акаевдин динге абдан либералдуу бийлиги диний эркиндикти таңуулады. Коммунисттик доор учурунда жүрөктөрү атеизм деп тоңгондор тоңгон боюнча калды, ал эми совет маалында колдорун кенен жая алышпай, ошол эгемендүүлүк  учурда каптап келаткан  жабыраган диний уюмдар кыргыз  элине дин менен кошо азаттык жана байлык алып келебиз дешип кыргыз элинин мээсине орношо баштаган. Чындыгында ошол учурда Кыргызстанга үстөмдүк кылып келген мусулмандар дин башкармалыгы өлкөдө жалган диндик агымдар жайылып кеткендигин айтып чыккан. Бирок, ал кездеги президент Аскар Акаев динге ак көңүл жана либералдуу болуп, диндик агымдардын көбөйүшүнө эч тоскоолдук кылган эмес. Анткен менен ал деле коммунисттердин терисинен чыккан. Бул эң катачылык болгон, анткени майда-чүйдө секталар жаштардын аң-сезимине бүлүк салып, кара курсактын айынан башка сектага оогондордун да улам саны арбый баштаган. Кыргызстандын кыр-кырларында ата-энебиз тааныбаган, башка секталар көрүнө баштаган. СССРдин кулашынан кийин христианчылыкка агылгандардын саны дагы тездик менен өсө баштаган жана 90-жылдардын башында алардын саны 97 жеткен. Кыргызстанга христианчылыктын келиши 1990-жылы Ташкентте диний окуу мекеменин ачылышы менен толукталган. Бирок, христиандардын биздин мамлекеттен сыртка агылуусу, Кыргызстанда мусулмандардын санын көбөйткөн.Православдар мейли Кыргызстанда мурунку кылымдарда эле жайыла баштаган. Православдар орус императорунун айыл чарбасын реформалоо саясатынан кийин көбөйө баштаган. Бул тарыхий процесс, себеби Кыргызстандын жери орус императорлору тарабынан бааланып, бул жерлерге ээлик кылуу үчүн, мыйзам жазышып дыйкандарын жөнөтүп турушкан.

Эгемендүүлүк колуна тийген Кыргызстанда салттуу эмес диний агымдардын өкүлдөрү да пайда болушуп өз катарларын толуктоо үчүн кыргыз жаштарын катарларына кошо баштайт. Кыргызстанда деги бул диндик секталар качан пайда болгон? Кыргызстан 1940-жылдардын аягында, Украина, Белорусия, Бессарабия жана Прибалтиканын батыш облустарындагы диний сектанттардын сүргүнгө айдаган жерине айланат. Алар менен кошо өлкөгө Иегованын күбөлөрү, бешондуктун кээ бир багыттары : евангелдик, мурашковчулар, бешондуктуктар да келишкен жана жергиликтүү баптисттер менен адвентистердин катары толукталган. Бул сектанттар жаңы жерде өзүлөрүнүн ишеними менен жашоону улантышкан. Алар көп таасирди славян чөйрөсүндө жана алардын православ чиркөөсүнө карата тарата алышкан. Кыргызстанга депортациялануунун айынан бул жерде мурда белгисиз көптөгөн жаңы диний агымдар менен секталар пайда болгон. Бул мезгилде Кыргызстанга совет бийлиги келгенден кийин коммунистик идеологияны анын ичинен диндин жеткен душманы атеизмди жайылтуу күч алган. Бул идеология боюнча ислам, православ жана башка диндер башкы тоскоолдуктар деп аталышып, аларга ишеним кылгандар репрессияланышкан. Храмдарды жабуу 1919-жылдан тарта башталган, ал эми Сталин күчүнө кирип бараткан 1925-жылдан кийин бийлик мечиттерди жана медреселерди массалык түрдө жаба баштаган. Протестанттык агым батыштык христиандык дининде - католицизмге каршы чыгуунун натыйжасында пайда болгон диний окуулардын жалпы аты ушуга каршы чет элдик миссиялары активдешкен Кыргызстандын айрым түндүк райондорунда жана Бишкек шаарында. Себеби бул аймактарда ислам дини кечирээк кирип бийик деңгээлге көтөрүлө алган эмес.

 Кыргызстандагы прослав дининдегилер орус жана славян тилдеринде гана эмес, кыргыз тилинде дагы сүйлөгөндү билиши керек. Анткени, алар Кыргызстанда  жашашат. Кыргызстандагы православ кыргызстандык маданият менен сугарылган жана Украина, Греция, Сербия, Болгария, Румыния жана араб мамлекеттериндеги православиядан айырмаланат. Кыргызстандагы православдын жергиликтүү маданият менен сугарылгандыгы керек болсо азык-түлүктү алууда дагы сезилет. Керек болсо, улуу литургиядан кийин азык-түлүк алууга бара жатканда дагы кыргыз тилин динчилдердин жадыбалдай жаттаганы билиниш керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости