www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыз эли азыр кемчиликтерди жана таарынычтарды айтып отурбай, бир муштумдай биригели”, - деди бүгүн, 30-апрелди NazarNews маалымат агенттигине мурдагы Коргоо министри, генерал-лейтенант жана коомдук-саясий ишмер Исмаил Исаков.
--“Азыр кемчиликти, таарынычты, жамандыкты жакшылыкты айтып отуруунун кереги жок. Кыргыз эли бир муштумдай болуп биригип, азыркы кырдаалды ыкчам жөнгө салышыбыз керек. Бийлик болобу, оппозиция жана эл биригип бир багытка кетишибиз керек. Ал эми таарынычтарды, катачылыктарды кийин айта беришсин. Азыр Тажикстан менен жакшы, тынчтык жолу менен сүйлөшүп, абалды турукташтырышыбыз керек. Болбосо карапайым элге эле кыйын. Мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыгы үчүн ынтымакка келгенибиз туура. Баарын өз-өз ордуна келтирип алалы. Башкысы тигилердин аскерлерин чыгарып, кийин маселени чечип алышыбыз зарыл”, - дейт Исаков.
Булак: NazarNews.kg