www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция: Лейлекте ок атышуу токтой элек

Баткендин Лейлек районунда маал-маалы менен ок атышуулар болуп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, ок атуу Арка 1 жана Борбордук деген айылдарында уланууда.

«Улам атышып, бир аз токтоп калып, кайра улантып жатышат. Азыркы абал ушундай», — деди Юсупова.

Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок атып, алгач бир, анан экөө, акыркы маалымат боюнча 13 кыргызстандык каза болду. Алардын арасында 13 жашар кыз бар экени айтылган. Жабыркаган 121 адамдын 25и Баткенден Бишкекке атайын борт менен алып келинип, ооруканаларда дарыланып жатышат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда бардык деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар бир пикирге келүүдө. Бирок буга карабастан ок атуу токтой электиги айтылып келет.

Бир нече айылдын тургундары үй-жайын таштап, аймактан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости