www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италиянын түндүгүндөгү суу ташкынынан улам 8 киши каза болуп, миңдеген адамдар эвакуацияланды. Бул тууралуу Minval жазды.

«Жыйырма төрт калктуу конушту суу каптады, Эмилия-Романьядагы бардык дарыялар, тилекке каршы, жээктеринен ашып кетти», — деп айтылат маалыматта. Министр аймактагы 50 миң адам электр жарыгысыз калганын кошумчалады.

Соңку маалыматтар боюнча, кеминде сегиз адам каза болуп, төртөө дайынсыз болууда. Ар кайсы шаарлардын жашоочулары куткаруучулардын келишин күтүп үйлөрдүн чатырларында күн кечирүүгө аргасыз болушууда. Облуста билим берүү мекемелери жабылып, поезддердин кыймылы токтотулду.

Катуу жаан аймакта 15-майдан бери жаап жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, жаан басылбай жаткандыктан коркунуч алдыда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости