www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытай-Борбор Азия» механизми өзүнүн өзгөчөлүгү менен авторитеттүү аймактык бирикмеге айланат», - деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кытайлык «Жэньмин жибао» гезитине берген интервьюсунда.

Анын айтымында, аймактык маселелер Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин кызыкчылыгына тиешелүү. Азыркы кырдаал алардан саясий байланыштарды чыңдоону, соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү, аймактык тынчтыкка, коопсуздукка жана стабилдүүлүккө карата салттуу жана салттуу эмес коркунучтарга жана чакырыктарга биргелешип жооп кайтарууну талап кылууда.

«Ыкчам өз ара аракеттенүү, көп кырдуу кызматташтыкты өнүктүрүү Кытай-Борбор Азия форматынын жашоосунун гаранты болуп саналат. Бул механизм тынчтык саясатына өбөлгө түзүп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жигердүү өнүктүрөт деп ишенем»,-деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын Президенти эл аралык оор кырдаалдын шарттарында дүйнөдө жана региондо коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгып, конкреттүү аракеттерди көрүү керектигин баса белгиледи.

Бул өңүттөн алганда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган глобалдык өнүгүү, глобалдык коопсуздук жана глобалдык цивилизация жаатындагы демилгелер өз убагында ишке ашат. Алар ар түрдүү өлкөлөрдүн саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүшүнө, адамдардын турмуш деңгээлин жогорулатууга, жалпы өнүгүүгө жана гүлдөөгө жетишүүгө багытталган.

«Бир дагы өлкө «жамандыктын үч күчү», трансулуттук кылмыштуулук, баңги аткезчилиги, курал-жарак аткезчилиги, мыйзамсыз миграция менен эффективдүү күрөшө албайт. Биргелешкен аракет менен гана жыйынтыкка жетише алабыз», - деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.

Булак: NazarNews.kg

 

Документы:

Файл 1

Последние новости