www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майга белгиленген президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Түркиянын учурдагы президенти Тайып Режеп Тайып Эрдоган 53%дан ашуун добуш менен жеңет. Мындай божомолду 14-майда өткөн добуш берүүнүн биринчи турунун жыйынтыгын туура божомолдогондордун бири болгон түркиялык “Оптмпар” коомдук пикирди изилдөө компаниясынын жетекчиси Хилми Ташдемир билдирди.

"Эрдоган шайлоонун экинчи айлампасында жакшы айырма менен жеңет. Ал 53%дан ашык добуш алат", - деп социолог кечээ, 17-майда TVNET телеканалында айтты.

Анын пикиринде, оппозиция шайлоодо өз мүмкүнчүлүктөрүн ашкере баалады, “процессти эсептешкен жок”, ураандар менен чыкты, алардын көбү “коом тарабынан кабыл алынган жок”.

“Натыйжада ал президенттик шайлоодо эле утулуп калбастан, чоң амбициясы болбосо да, парламентте көпчүлүк добушка ээ болгон жок”, - дейт Ташдемир.

Белгилей кетсек, 14-майда Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолор өттү. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча, азыркы президент Эрдоган 49,51%, анын негизги атаандашы, оппозициянын бирдиктүү талапкери Кемал Кылычдароглу 44,88% добуш алды. Биринчи турда жеңүү үчүн талапкер 50%дан ашык добуш алышы керек болчу, ага байланыштуу добуш берүүнүн экинчи туру 28-майда өтөт.

Парламенттик шайлоодо Эрдоган башында турган бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы 600 орундуу парламентте 323 мандатка ээ болгон.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости