www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын кызы Иванка Трамп президенттин атайын кеңешчиси кызматын ээледи жана өз ишмердүүлүгүндө мамлекеттик кызматтар үчүн каралган этикалык эрежелерди сактоого милдеттүү болот. Бул тууралуу Ак үйдүн билдирүүсүндө жазылган,- деп билдирет Борбор Азия жаңылыктары. 

Билдирүү сенатор-демократтар президенттин кызынын ишине байланыштуу кызыкчылыктар кагылышы болушу мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирип, Федералдык этика башкармалыгына жолдонгон катты жарыялагандан бир нече сааттан кийин чыкты.

Сенаторлор президенттин кызынын ишкердик кесиби жана кеңешчи болуусу этикалык эрежеге жатабы деген суроо салып жатышат.

Иванка Трамп сын-пикирлерге жооп катары атасынын администрациясында расмий кызматты ыктыярдуу түрдө аркалоону чечкенин билдирди. Ал иши үчүн маяна албай турганы айтылды.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости