www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россияда 4 күн мурун болуп өткөн нааразычылык акциялары бир нерседен кабар берет. Владивосток, Хабаровск, Красноярск, Волгоград, Махачкала, Сочи, Санкт-Питербург жана Москва шаарларында миңдеген адамдар коррупциялык бийлике каршы чыкты. Москва шаарында 500 кишини ИИМ камады, Махачкалада 30 киши, Волгоградта 50, Сочиде 28, РФын башка шаарларында дагы камоолор, урук-токмокко алуулар болду.
Албетте, Россиянын масштабында Москвада 10 миң адам, Волгоградта 2 миң адам каршылык акциясына чыкканы аздык кылат, бирок, бир нерсе бар, ошол нааразычылык акциясына чыккандардын 99% жаштар экен. Бул эмненин белгиси? Бул Россияда аз болсо дагы (азырынча), прогрессивдүү жаштар ойгонуп келе жатыптыр, улуу жана орто муунду орус бийлиги ар түрлүү ыкмалар менен башкарып келишкен жана башка берет, бирок жаштарды башкара албайт, эски ыкмалар келечекте иштебейт окшойт. Кандай болгондо дагы, орус коому үчүн жаштардын ойгонушу бул абдан чоң жетишкендик деп ойлойм.
Биздин дагы жаштардын калың катмары ойгонсо болот эле, анткени Россияда бир эле Димон бар болсо, бизде Димондор абдан көп...
Булак: NazarNews.kg