www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Сириянын түндүгүндөгү «Евфрат калканы» аскердик операциясынын ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Ошол эле маалда ал жакынкы убактарда Сирияда жаңы операциялардын башталуу ыктымалдыгын жокко чыгарган жок.,-деп жазат Борбор Азия жаңылыктары.

«Мындан ары ИМ же башка топтор тарабынан биздин коопсуздугубузга коркунуч туулса, анда жаңы операциялар башталат», — деп билдирди Йылдырым.

Түркия куралдуу күчтөрүнүн өткөн жылдын августунда башталган «Евфрат калканы» операциясынын жүрүшүндө түрк аскерлери, танктары жана аба күчтөрү Сириянын Түркия менен чектешкен аймагындагы көтөрүлүшчүлөр тобун калкалап келген. «Сириянын эркин армиясы» аталган көтөрүлүшчүлөр тобу «Ислам мамлекетине» жана Анкара «террористтик уюм» деп эсептеген күрт көтөрүлүшчүлөрүнүн өкүлдөрүнө каршы күрөшүүдө.

30-мартта «Ислам мамлекети» экстремисттик тобуна каршы күрөшүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Түркияга АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон барган.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости