www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ринат 19 жашта. Садыр Жапаровдордун үй-бүлөөсүнөн. 25-мартта УКМКнын алдында болгон баш-аламандыкта камакка алынган.

-Ринат, саламатсыңбы. Учурда ден соолуктарың кандай?

-Ден соолугум жакшы, шүгүрчүлүк.  Бүгүн чыктым, эми врачтардын кароосунан өтүп коюшум керек.

- Эми өткөн окуяга токтолсок. УКМК нын алдына кандай барып калдың?

-УКМКнын алдына байкем экөөбүз барганбыз. Бир убакта ызы-чуу болуп кетти. Карасам эле байкем Рустамды сабап жатышыптыр, ага барып эле куткарам деп атсам эле артыбыздан келип бизди баса калып, автобуска барганга чейин Рустам байкем экөөбүздү чапкылап уруп барышты.

-Урган балдар жөнөкөй жарандар беле же укук коргоо органдарыбы?

-Биринчиси укук коргоо органдары болчу, кийинкиси граждандык кийим кийген балдар автобуска кирип келип бизди сабап салышты.

-Автобустун айнектерин кимдер сындырышты?

-Анысын ким сындырганын билбейбиз. Биз байкем Рустам экөөбүздү алып киргенде эле сынык экен. Ал жактан бизди башка полицейлердин автобусуна алып кирип, милиция кызматкерлери Садыр Жапаровдун балдары экен деп эле тепкилеп киришти.

-Мындан ары да элдер митингке  чыкса чыга бересиңерби?

-Мен атам үчүн баарына даярмын, чыга берем. Бул менен КР жараны катары укугум.

-Ринат, сени айрымдар айтып жатышат милицияларды тепкиледи деп, чын эле тепкиледиң беле?

-Жок, аларды тепкилөө менин оюма да келген жок, мен аларды кантип тепкилемек элем.

-Сенин жүрөгүңдү эмне өйүп турат...

-Мен атамды көптөн бери көрө элек болчумун. Укук коргоо органдары бизди атамды көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк берген жок. Бир саатка көрсөтүп мүкүнчүлүк берип койсо жакшы болот эле. Атамды жок дегенде алыстан деле көрсөтүп койсо, бизге күч-кубат болчу. Тилекке каршы  көрө алган жокпуз. Биздин максатыбыз, төңкөрүш эмес, атабызды тосуп алуу эле.

-Силер атаңардын камаларын билгенсиңерби?

-Камаларын билгенбиз. Атабыз ага чейин эле ММКларга 25-мартта келип эл менен жолугуп, андан ары УКМК барам деп эле айтып жүрбөдү беле?

-Ринат, сен атаңардын камаларын билгенден кийин, “ата келбей эле коюңуз” деп айткансыңарбы?

-Атам бизди укпайт, көк бет киши.

-Байкең камакта да азыр...

-Ооба, Рустам байкем, Сабыр авам менен камакта, 2 айга камалды. Баарыбыз бир үй-бүлөөдөн 7 адам камалдык.

-Ринат мындан ары  митинкге катыша бересиңби же токтоттуңбу?

-Атам үчүн тынчтык митинги болгон сайын катыша берем, атам үчүн баарына даярмын.

-Сени бул жерден укук коргоо органдары тарабынан эч ким сабаган же коркуткан жокпу?

-Жок, бул жактан эч ким коркуткан же сабаган жок. Тиги жактан сабашты.

Ринаттын апасы Айгүл:

-Ринат үчүн Садыр идеал. Сыймыктанат. “Садыр атамды неге камашат ? Ал кимге зыян кылды. Атам келсе тосуп алабыз”-деп аябай кубанып жүргөн. Куугунтуктун да чеги болот го. Кордогондун да чеги болот. 12 жаш баланы сурагы жок 2 айга камап коюшту. Бу эмне деген өч алуу. Кайсыл бийликте ушундай көрүнүш болду эле? Бир үй-бүлөөдөн 7 адам камалат деген эмне деген шумдук. Эми калганын көрө жатарбыз.

Эске сала кетсек, бүгүн, 25-мартта УКМКнын алдында кармалгандар, Садыр Жапаровдун тарапташтары шаардык кабыл алуу жана бөлүштүрүү жайында камактан чыгышты. Аларды туугандары, ММКлар жаш активистер тосуп алышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости