www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилде биринчи ыктыярчы коронавируска каршы вакцинаны алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Коргоо министирлиги билдирди.
«Биологиялык изилдөөлөр институту тарабынан жасалган вируска каршы вакцина «Шиба» ооруканасында биринчи ыктыярчыга куюлду «, — деп айтылды маалыматта. Буга чейин Израиль коронавируска каршы клиникалык изилдөөлөрүн жекшемби кунү 1-ноябрда баштаары айтылган.
Клиникалык изилдөөлөр 3 этаптан турат жана бир канча ай ичинде жүргүзүлүп бүтөт. Биринчи этапта 18 жаштан 55 жашка чейинки, ден соолугу чың ыктыярчылар катышат. Биринчи эки адамга вакцина берилет, эгерде көрсөткүч жакшы болсо, кийин калгандарына да жасалат. Экинчи этап декабрдын башына пландалып жатат. Ага 960 ыктыярчы катышмакчы. Ал эми үчүнчү этапта, буга чейинки эки учур жакшы көрсөткүч берсе, апрель-май айларында өтөт. Анда болсо 30 миңге жакын ыктыярчы вируска каршы изилдөөгө катыша тургандыгы маалым болду.
Акыркы этапта изилдөө жакшы көрсөткүч көрсөтсө, вакцина жалпы колдонууга уруксаат алат.
Булак: NazarNews.kg