www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин бир нече ири шаарларында адамдар Иранга каршы аскердик аракеттерге каршы болушуп, көчөгө чыгышты. Бул тууралуу The Times of Israel жазды.

Маалыматка ылайык, согушка каршы митингдер Тель-Авив, Хайфа, Иерусалим жана Беэр-Шева шаарларында өтүү. Полиция жалпысынан 18 адамды кармады: алардын 15и Тель-Авивде, дагы бешөө Хайфада кармалган.

Хайфада болжол менен 100дөй адам көчөгө чыгып, Израилдин желектерин көтөрүшүп, согуштук аракеттерди токтотууну талап кылышкан. Демонстранттардын бири «Миллиондогон балдар бомбадан коргонуучу жайларда өсүп жатат» деген плакат кармап турган. Айрым катышуучулар жолду тосуп алышкандыктан, акция мыйзамсыз деп табылган.

Тель-Авивдеги Габима аянтында полиция ушундай эле митингди таратып жиберди. Ал мыйзамсыз деп эсептелген, анткени аскердик эрежелер боюнча ачык абада 50дөн ашык адам катышкан жыйындарга тыюу салынган. Полиция мындай чечимди адамдардын өмүрүнө реалдуу коркунуч бар деп түшүндүрдү.

28-февралда АКШ Израиль менен бирге Иранга каршы аскердик операция баштаган. Ирандын аймагындагы көптөгөн шаарлар, анын ичинде борбору да соккуга кабылган. Чабуулдардын бири жогорку лидер Али Хаменеинин резиденциясына тийип, ал каза болгон.

Жооп катары Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик базаларына ракеталык соккуларды жана учкучсуз аппараттарды колдонууда.

Буга чейин АКШ Жакынкы Чыгышка деңиз пехотасын жөнөткөндөн кийин «жаңы Вьетнам» сценарийи болушу мүмкүн экени тууралуу да айтылууда.

Последние новости