www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев баштаган кеңири курамдагы жумушчу топ 29-мартта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө каралган локацияларды жеринен карап чыкты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Иш-чарага министрдин орун басарлары Союзбек Надырбеков жана Темирлан Ажымалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Жетигенов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов, башкы режиссер, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Алтынбек Максутов, ошондой эле локацияларга жооптуу сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана кызматкерлери, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери катышты.
Кыдыруунун жүрүшүндө ар бир локация боюнча даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар угулуп, уюштуруу маселелери талкууланды. Катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар жана пикирлер айтылып, аларды эске алуу менен даярдык иштерин мындан ары күчөтүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Министр Мирбек Мамбеталиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жогорку деңгээлде уюштурулушу өлкөнүн эл аралык аброю үчүн маанилүү экендигин белгилеп, бардык жооптуу тараптарды ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аткарууга чакырды.