www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан Чолпон-Ата шаарындагы автоунаа жолдорун курууда колдонулуп жаткан битумдун сапатына көчмө текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер техникалык жана коштоочу документтерди кылдат изилдеп, колдонулуп жаткан материалдын белгиленген талаптарга шайкештигин баалады. Ошондой эле үлгүлөр алынып, изилдөө үчүн сыноо лабораториясына жөнөтүлдү.
Лабораториялык сыноолордун жыйынтыгында продукциянын колдонуудагы талаптарга шайкештиги боюнча акыркы чечим кабыл алынат. Колдонулган материалдардын сапатын көзөмөлдөө курулуш ченемдери менен талаптарын сактоонун негизги шарты болуп саналат.
Ысык-Көл облусунун аймагында лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн жарандар төмөнкү телефон номер аркылуу кайрыла алат:
+996 507 995 343.