www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Кнессети террордук кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылган адамдарга өлүм жазасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн караган мыйзам долбоорун жактырды. Бул демилге өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да катуу реакция жаратты.
Документке ылайык, өлүм жазасы өзгөчө учурларда гана колдонулат. Тактап айтканда, кылмыш Израиль мамлекетине жана анын жарандарына зыян келтирүү максатында жасалган болсо. Израилдик ЖМКлар белгилегендей, мыйзам негизинен израилдиктерге каршы кол салуулар үчүн соттолгон палестиндерге тиешелүү болот.
Демилгенин авторлору жазаны катаалдатуу терроризмге каршы күрөштө тоскоолдук жаратуучу (сактандыруучу) таасирди күчөтүү үчүн зарыл деп эсептешет. Оңчул саясий күчтөрдүн өкүлдөрү азыркы чаралар коопсуздуктун жетиштүү деңгээлин камсыз кылбайт деп белгилешет.
Ошол эле учурда укук коргоо уюмдары жана Израил коомчулугунун бир бөлүгү бул жаңычылдыкка каршы чыгышты. Сынчылар өлүм жазасын колдонуу зомбулуктун күчөшүнө, аймактагы чыңалуунун өсүшүнө алып келиши мүмкүн экенин, ошондой эле эл аралык укук жагынан суроолорду жаратарын айтышууда.
Буга чейин Израилде өлүм жазасы дээрлик колдонулган эмес. Мындай өкүм акыркы жолу 1962-жылы нацисттик кылмышкер Адольф Эйхманга карата аткарылган. Андан бери мыйзамда каралганына карабастан, мындай чаралар колдонулган эмес.
Эл аралык уюмдар, анын ичинде БУУ, адатта өлүм жазасын кеңейтүүгө каршы чыгып, өлкөлөрдү аны толугу менен жоюуга чакырып келишет. Жаңы мыйзам эл аралык деңгээлде талкууланып, Израилдин айрым мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелерине таасир этиши мүмкүн деп күтүлүүдө.
Эксперттердин айтымында, мыйзамдын мындан аркы тагдыры соттук териштирүүлөргө, мүмкүн болгон апелляцияларга жана өлкө ичиндеги саясий абалга жараша болот.