www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын Бишкек шаарындагы жумалыгы 30-мартта "Бир келип кетчи Ош жакка" спектакли менен башталды. Спектакль Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Арслан Койчиевдин "Тагдыр жөнүндө ыр" чыгармасы боюнча коюлган "Бир келип кетчи Ош жакка" эпопеялык спектаклди борбор калаанын көрүүчүлөрү овация менен кабыл алышты.

Спектаклге автор Арслан Койчиев жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышып, чыгарма жаратуучуларды жылуу куттукташты.

Автор "Бул спектакль режиссер Уланмырза Карыпбаевдин кыргыз тарыхына эпопеялык ой толгоосу болуптур. Уланмырзанын театр режиссеру катары чыгармачылыгын Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына салыштырам. Анын койгон спектаклдери искусствонун башка түрлөрүнө да чоң таасир этип жатат. Уланмырзадай таланттуу өнөр  ээлери кыргыз маданиятынын жаралуу доору кайрадан тикелей баштады", -- деп белгиледи.

“Бир келип кетчи Ош жакка” улуттук тарыхтын татаал барактарына жетелеп, адам тагдыры менен доор сыноосунун айкалышын терең философиялык деңгээлде ачып берет. Спектаклде 30-40-жылдардагы кыргыз айылынын турмушу, экологиялык көйгөй, ошондой эле репрессия жана  Улуу Ата-Мекендик согуш сыяктуу тарыхый окуяларда адам тагдыры, согуштун азабы жана Мекенден алыс жүргөн адамдын ички трагедиясы чагылдырылат.

Спектакль бүгүн, 31-мартта да коюлат. Ошондой эле, театр жумалыгынын алкагында дагы бир катар мыкты спектаклдер борбор калаа көрүүчүлөрүнө тартууланмакчы.

Последние новости