www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Түндүк” Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт

Президент Садыр Жапаров “Түндүк” ААКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, компанияны башкаруудагы мамлекеттик ыйгарым укуктар эми Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Президенттин иш башкармалыгына өткөрүлөт. 

Бул өзгөрүү “Түндүк” системасынын ишин натыйжалуураак кылууга багытталган.

Ошондой эле Министрлер кабинетине өз чечимдерин жаңы тартипке ылайыкташтыруу тапшырылды. Мындан тышкары, санариптик трансформация боюнча мурдагы жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Последние новости