www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йемендеги “Тозок кудугунун” сыры ачылды

Йемендин чыгышындагы Аль-Махра чөлүндө жайгашкан Бархута “Тозок кудугу” аттуу чоң чуңкур кылымдар бою сырдуу жана коркунучтуу жер катары белгилүү болуп келген. Жергиликтүү эл бул жерди “Тозоктун дарбазасы” деп атап, анда жин-перилер жашайт деп ишенишкен.

Чуңкурдун үстүңкү диаметри болжол менен 30 метр, ал эми ылдый жагы 120 метрге чейин кеңейет. Жалпы тереңдиги 112 метрге жетет.

Көп жылдар бою окумуштуулар бул жерди изилдөөгө батынган эмес. 2021-жылы гана йемендик жана омандык спелеологдор кудуктун түбүнө биринчи жолу толук түшүп, анын табиятын изилдеп чыгышкан.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, кудуктун ичинде майда шаркыратмалар, өзгөчө “үңкүр берметтери” (кальциттен пайда болгон минералдык түзүлүштөр) бар. Алар алыстан караганда алтын же асыл таштардай көрүнгөндүктөн, жергиликтүү уламыштарда айтылган “Султандын казынасына” окшоштурулуп келген.

Кудуктан чыккан жагымсыз жыттын себеби да аныкталды. Чуңкурга түшүп кеткен канаттуулар жана майда жаныбарлардын өлүктөрү чирип, ошол “өлүм жытын” пайда кылат экен. Бул жерде жыландар, чаяндар жана башка майда жандыктардан турган чакан экосистема да бар.

Ошентип, Бархута “Тозок кудугу” жомоктогудай тозоктун дарбазасы эмес, табияттын сейрек кездешүүчү геологиялык керемети экени белгилүү болду. Бирок анын айланасындагы сырдуу уламыштар дагы узак убакыт эл оозунда айтылып калаары шексиз.

Последние новости