www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өткөн Кавказ, Борбордук Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн салык органдарынын жетекчилеринин III форумуна катышты.

12-13-март күндөрү өткөн форумдун негизги темасы көмүскө экономиканы жөнгө салуу маселелери, дүйнөлүк тенденциялар жана аймактык өзгөчөлүктөр болду. Катышуучулар салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана формалдуу эмес сектордун көлөмүн азайтуу боюнча заманбап ыкмаларды талкуулашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган алдыңкы эл аралык тажрыйбалар тууралуу пикир алмашты.

Жолугушууда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов Кыргызстандагы салык органдарында көмүскө экономиканы азайтуу жана салыктык башкарууну жакшыртуу максатында колдонулуп жаткан санариптик чечимдер тууралуу айтып берди.

Ал Мамлекеттик салык кызматы салыктык башкаруу системасын ырааттуу түрдө өзгөртүп жатканын, башкача айтканда, ашыкча көзөмөлгө жана кол менен жүргүзүлгөн процесстерге негизделген моделден санариптештирүүгө, сервистик кызмат көрсөтүүгө жана салык төлөөчүлөр менен өнөктөштүккө негизделген заманбап ыкмага өтүп жатканын белгиледи.

Мирлан Рахманов жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизин салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу жана ачык-айкын, ыңгайлуу салык системасын түзүүгө багытталган санариптик куралдарды киргизүү түзөрүн баса белгиледи.

«Заманбап санариптик чечимдерди колдонуу салык органдарына ири көлөмдөгү маалыматтарды талдоого жана тобокелдиктерге негизделген салыктык башкаруу моделине өтүүгө мүмкүндүк берет. Бул ак ниет ишкердикке карата административдик басымды азайтып, салыктык көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатууга шарт түзөт», — деп билдирди төраганын орун басары.

Фискалдаштыруу көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн, бизнести легалдаштыруунун жана салык базасын кеңейтүүнүн негизги механизмдеринин бири экенин белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Мирлан Рахманов көмүскө экономикага каршы күрөшүүгө жана салык жыйноону жакшыртууга көмөктөшүүчү электрондук куралдарды киргизүүгө кеңири токтолду. Алардын катарына «ЭЭФ», «КНС», «ККМ», «Бирдиктүү салык эсеби», «Инспектордун кабинети» маалыматтык системалары, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу көрсөтүлүүчү электрондук кызматтарды атады.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары базарларды санариптик башкаруу аркылуу көмүскө экономикадагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча кызматтын өзгөчө тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Базар» маалыматтык системасын киргизүүгө кеңири токтолду.

Ал белгилегендей, өзгөчө салык режимин жана «Базар» маалыматтык системасын ишке киргизүү соода аянтчаларынын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатып, ишкерлерди эсепке алууну жакшыртып, салыктык башкарууну күчөтүүгө мүмкүндүк берди.

“Дордой”, “Кара-Суу” жана “Мадина” сыяктуу ири базарларда “Базар” маалыматтык системасы киргизилгенден кийин салыктык түшүүлөр көбөйдү. 2022-жылга салыштырмалуу 2024-жылы өсүү 62,2 пайызды түздү. Ал эми 2025-жылы салыктык түшүүлөр 1 млрд 84,6 млн сомго жетип, кошумча өсүш 64 пайыздан ашканын көрсөттү», — деп белгиледи Мирлан Рахманов.

Эске салсак, бул форум бюджеттик кирешелерди башкаруу жаатында кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүү, биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү максатында уюштурулат.

 

Последние новости