www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12-мартында Ыссык-Ата РИИБнин өздүк курамы үчүн семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын башчысынын орун басары, милициянын полковниги Э.Абдылдаев, жана Чүй ОИИББсынын Кадрлар башкармалыгынын башчысы, милициянын подполковниги Турдумат уулу Н. катышты.
Семинардын жүрүшүндө кызматкерлерге коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө, мыйзамдуулукту так сактоо, кызматтык тартипти бекемдөө жана кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Ошондой эле Чүй облусунун ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү (цифровизация) иш-чараларынын алкагында документтерди электрондук түрдө жүргүзүү маселелери тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан актуалдуу маселелердин бири экендиги белгиленип, өздүк курам арасында жеке пайда көрүү кызыкчылыгында кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты - ички иштер органдарында мыйзамдуулукту бекемдөө, кызматтык тартипти жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп саналат.