www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген 34 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анда Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айыл өкмөтүндө жалпы 0,20 га айыл чарба багытындагы жер тилкеси мыйзам бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги жана аталган айыл чарба багытындагы жер тилкесине мыйзамсыз курулуш курулгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн натыйжасында, райондун прокуратурасы тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде баасы 34 млн 56 миң 846 сомду түзгөн жер тилке имараты менен бирге мамлекетке кайтарылды.