www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социал-демократтар партиясынын ичиндеги акыркы убакта болуп жаткан ажиотаж, бул жалпы эле мамлекетибиздеги бийлик системасындагы партиялардын кризиси деп айтсак болот.Бул партиянын ичиндеги бөлүнүп-жарылуу бүгүн башталган жок. “Кыргыз көчүн улайм” деген АША бул кризисти Ак үйдүн жетинчи кабатына отуруп, “ажыдаарга” айланганда баштаганын өзү да билбей калган. Чейрек кылымдан бери жанында тирек болуп, ысык-суугуна “күйүп-бышып”жүргөн санаалаштарын “кидать” этип, мамлекетибиздин, Элдин тагдырын эски бийликтин калдыктарына тапшырып, эң жогорку жооптуу кызматтарга “аткошчусуна”...чейин алып келип, Кыргызстанды “экспериментальный полигонго” айландырганда башталган!“ Жан- жөөкөрлөрү Ханга жолду көрсөтпөйт” деп, нечен жолу айтканыбыз бар. Эмоцияга алдырып, “мания Величиясын” көрсөтүп, “балп” этип, эгемендүү күнүнө арналган салтанатта экс- президент Р.Отунбаевага өтө пастык деңгээлде жасаган мамилеси бул “кидать” эткендин таасын далили эмеспи...?! Пикири менен эсептешпеген санаалаштарынан өч алуу "үлгүсүн" көрсөтүп кетти...! Жакында КСДПнын“саясий кеңеши”парламенттеги КСДП фракциясынын төрагасы Иса Өмүркүловду партиядан чыгарды деген чуунун тегерегинде бир топ резонанс болуп жатат. Бул “саясий кеңештин” чечими канчалык мыйзамдуу, ал партиялар жана коомдук уюмдар жөнүндөгү мыйзамда так жазылганы бар. Кеп укуктук- моралдык  жана нравалык жагында. Иса Өмүркүлов партиянын Уставын бузуп, чыккынчылык кылды деген аргумент келтирилиптир.

Ырас, КСДП чейрек кылымдан бери мамлекетибиздин түптөлүшүнө, эгемендүүлүгүнө, өнүгүшүнө зор салым кошуп келет, бул айныгыс факт, бирок лидер катары башында турган АША өзү бул партиянын абройюн, элдин бул партияга болгон ишенимин кетирип жатканына коомчулук кубө. КСДП партиясы бир ууч кландын партиясы эмес да, партиянын өлкөбүздүн башкаруу системасына, парламенттеги башкаруу фракцияга келишине жүз миң деген электорат салым кошкон. КСДПны колдогон Эл, партиянын лидери АШАны гана эмес, анын көрүнүктүү, дымактуу Р.Отунбаева, И. Өмүркулов ж.б. окшогон лидерлерин да колдогон. Азыр да бул партияда эл үчүн ак эмгегин аябаган, мамлекеттин жаркын келечеги үчүн кызмат кылгандар аз эмес.А.Атамбаев үчүн улуу философ Сократтын: “Сен мага доссуң-бирок чындык баалуу” деген принцибин кармангандар чыккынчы болуп эсептелеби...?!

Парламенттин-IV чакырылышындагы оппозициялык фракциянын саналуу депутаттары болсо да, бул эки депутат тынбай  бийликти сындап, элдин үнүн (чындыкты) талыкпай тартынбай жогорку трибунадан элге жеткизип турганына тарых күбө. Ошол убактагы бийлик менен АША тил табышып Өкмөт башчы болуп кетип, кийин Данакер орденин алып бийликтен кетип, “көпүрөсү” сынып калганда да И.Өмүркулов аны саткан эмес. Эми азыр ким чыккынчы болуп жатат, же “саясатта досчулук жок-кызыкчылык бар” дегендин далилиби...?! Саясий элита бир партияга эмес  элге, мамлекетке кызмат кылуусу керек да.

“Чөгүп бараткан кемени” сактап калуу  демилгесин С.Абдрахманов көтөрүп, жер-жерлерде парт.конференцияларды өткөзүп, “ячейкаларды” түзүп, парламенттеги КСДП фракциясынын лидери И. Өмүркулов менен жолугуп элдин пикирин айтса, фракция лидери эсептешкенге милдеттүү , же АША менен акылдашыш керек беле...?! Бир лидер партияны узурпация кылганга партиянын Уставы да, мыйзам да жол бербейт эмеспи, бул кадимки эле таасирин жоготпой “серый кардинал” болуп жана рулду эч кимге бербей саясатта калуу, а бирок АША саясаттагы орду солгундап калганын сезбей жатса керек... . 2010 жылдагы Революциянын, саясиий лидерлердин убадаларына ишенип бейкүнөө шейит кеткен эр-азаматтардын, элдин үмүтү акталдыбы, кеп ушунда...?!

Бул тирешүү өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүктүн сакталышына, элдин тынчтыгына терс таасирин тийгизбейби, сырткы “күчтөрдүн чырагына май тамызбайбы” деген маселе жаралууда...?! Атамбаев экс-президент катары, керт башын ойлобой ушул маселеге көңүл бурса болмок.

Биздин “демократия аралчасында” бийлик креслосу менен ооругандар укугун жакшы билишет жана көбүрөөк пайдаланышат, а бирок тилекке каршы милдетибизди унутуп коёбуз. Демократиянын шарапаты менен, аша чаап“мораль” деген түшүнүктөн алыстап кеттик. Батыш өлкөлөрүндө саясий жогорку рангдагы мамлекеттик чиновниктердин, жөнөкөй катардагы окуя делген сын-пикирлер үчүн өз ыктыяры менен кызматтан кеткен мисалдар бар. Эки жыл мурун Франциянынбы...премьер-министри, жол коопсуздугун бузганы сынга алынганда, өз ыктыяры менен кызматын таштап кеткен, мына “мораль”...! Бизде кызмат ордуна атадан калган мурас катары жабышкандар толтура.... И.Өмүркуловду чыккынчылык кылды деп, партиянын катарынан чыгаргандардын “сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей эле болуп калды көрүнөт...?! КСДПны жеке менчик партия катары кабыл албоо керек, бул партия мамлекет үчүн зор салым кошуп келген жана кошуп жатат.

Парламенттеги  фракциялардын депутаттары шайлоо алдындагы партиянын программасын, элге берген убадаларын аткарууга тийиш. Программалардын өзөгүн мамлекетибиздин суверендүүлүгү, коопсуздугу жана элдин жашоо деңгээлин жогорулатуу түзөт. Мыйзам чыгаруу институту катары мыйзам кабыл алуу, мамлекеттеги масштабдуу проектилерди ишке ашыруу жана көзөмөлгө алуу парламенттин анын ичинде башкаруу КСДП фракциясынын түздөн-түз милдети. Бул жаатта башка фракциялар менен биргеликте И.Өмүркулов жетектеген КСДП фракциясынын алгылыктуу иштерин коомчулук ММКлардан окуп да, угуп да жатабыз.

2009-жылга чейин курулуп калган турак-жайлардын жер тилкелерин мыйзамдаштырууга жол берүүчү трансформация боюнча мыйзам кабыл алынып, 45 миң үй-бүлө жер тилкелерин мыйзамдаштыра алышат экен. Социалдык тармакта эне-баланы коргоо жаатында жаңы төрөлгөн ымыркайларга жөлөк пул төлөө 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, азыркы убакта Социалдык өнүгүү министрлиги жөлөк пул алууну жөнөкөйлөштүрүп, жеңилдетип бергенин билебиз. КСДПнын мүчөсү Дастан Бекешов билим берүү системасында 5 күндүк окуу тартибин (методика) сунуштап, окуучулардын билим алуу сапатын жогорулатууну сунуштады.

Депутат Аалы Карашев жогорку окуу жайларга (ЖОЖдорго) өткөн, каржылык мүмкүнчүлүгү жок улан- кыздарга (студенттерге) контракт төлөө үчүн жеңилдетип кредит берүү мыйзамын кабыл алдырууга жетишкен. Ипотекалык кредит берүү системасын жөнөкөйлөштүрүп, мөөнөтүн узартуу, саламаттык сактоо тармагында реформа жанданып, айлык маяна көтөрүлгөнүнө күбөбүз. Мугалимдердин айлык маянасын көтөрүү демилгеси ишке ашканы жатат, мамлекетибиздин экспорттук потенциалын көтөрүү аракети болуп жатканына күбөбүз. Ушулардын баарысы парламенттин, анын ичинде И. Өмүркүлов баш болгон башкаруучу КСДП фракциясынын иш-аракетинин натыйжасы десек жаңылышпайбыз. Бул иштер азыркы бийлик убагында парламент, кожоюн эмне дейт “Государево око”дегенден алыс болгону, өз алдынча парламентаризмдин жолуна түшкөнү көрүнүп турат. Спикер Дастан Джумабековдун бул өзгөрүүлөргө салымы зор жана Президент С.Ш. Жээнбековдун кийлигишпегени “лоялдуулугу”  десек болот... .

 “Акыйкат” кыймылынын төрагасы:    А. Анарбаев (Умар)

Талас  облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости