www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык мэриясынын пресс-катчысы журналисттерди пресс-турга чакырышкан. Ош облусундагы социалдык обьектилердин курулушу боюнча таанышып, иштерине күбө болушмак. Курулуш башкармалыгынын оюндагыдай сьемка болбой, жасаган иштеринин терс тараптары чыгып, айтор, журналисттерге тартууга тыюу салып, алып барган унаасынан түшүрүп салганга чейин барышкан.

Окуя учурундагы видео менен астына төмөнкүдөй комментарий калтырып журналист Жусупбек Кошматович Фейсбук баракчасында бөлүшкөн: Урматтуу пресс-службадагылар съемкага чакырганда жалган маалымат менен чакырбагыла. Эл көрсүн же отчет үчүн чагылдырууну кааласанар атайын келишим түзгүлө. Бүгүн мамлекеттик курулуш агенттигинин өкүлдөрү кылган иштерин мактангысы келген экен бирок натыйжа болбой тескеринчеси абийри ачылды. Буга байланыштуу биз менен пикир келишпестик болуп кетти. Буга чейин кылмыш кырк жылда билинсе азыр бат эле билинет...

Ызы-чуунун чоо-жайын журналист Чынарбек Алипбеков да баяндап берген: Мамлекеттик кызматтагы маалымат катчылар пресс турга чакырганда маалыматты туура бериши керек. Ал жерде мен да бар элем. Бизге Ош шаарынын жана Ош облусунун башкы планын карайт, атайын адистер келет деген маалымат берген. Ал эми бизди күтүп тургандар Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башкы адиси Арстан мырза, облустагы башкы план боюнча салынып жаткан социалдык обьектлер менен тааныштырмак. Өздөрү айткан Кызыл-Ордо орто мектебин тарттык. Курулуш болгондон кийин анын сапатына карайт экенсиң. Ал мектептин ачылышына бар айча болгону менен дубалдарынан жаракалар кеткен. Аны сураганыбызда жиндене башташты. Алардын ою боюнча биз аларды макташыбыз керек экен деп ойлоп калдым. Алардын сөзүнө караганда жогорку тараптан кылып аткан ишиңерди теледен жакшына чыгаргыла деген талап болуптур. Биз аларды мактай албай турганыбызды, маалыматты тең салмактуу берээрибизди билдиргенде уруша башташты. Акырында келип бизди унасынан түшүрүштү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости