www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизинен биздин өлкөнүн чиновниктерин угуп отурсан, тилдеринен чан чыгып, баары эле зымга тарткандай, акылдуу, абийирдуу сыяктанышат. Ишке келгенде эле, тарткан арабасын сүйрөй албай, бир бечел баладай жалдырап, парламенте отурушат. Айтайын дегеним, акыркы жыйырма жылда жыргалдуу жаратман премьерге жарыбадык. Өлкөбүздүн экономикасы белчеге баткан карыздан башы чыкпай, өкмөт башычылары онтогону-онтогон, кредит төлөй албай жаткан элдин боздогону-боздогон.

Сооронбай Жээнбеков тез арада "бечел" Абылгазиевдин оордуна "кризис-менеджер алып келбесе, эл кайра бийликти Ак үйдөн кууп чыкканы аз калды. Албетте мамлекеттин экономикасын көтөрө турган аткаминээрлер жок эмес, бар, бирок алардын жарымы "зек" болуп түрмөдө отурса, жарымы олтуруп чыккан "бывший зек". Атамбаев бычакка саптуунун баарына иш козгоп жамандап элге жаман көргөзүп, сындырганга аракет кылды.

Мисалга алсак ошол эле Акматбек Келдибеков, соцфондуну ирээтке келтирип, өлкөнү салык тармагын жөнгө салып, иш билгилигин көрсөткөн. Премьерликке татыктуу саясатчы. Азыр ажообуздун колуна-кол, бутуна-бут болуп турган кези, өкмөт башчы керек. Келдибековдун чечкиндүү мүнөзүн, экономикалык тажырыйбасын эске алганда, азыркы абалды жөнгө салганга тажрыйбасы бар. Кризистик убакта жаратман Акматбек Келдибековдун гана колунан келет, анткени чечкиндүү кадамды жазай алат.

 Качкынбек Булатов, укук коргооу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости