www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөгүңдү жашыңан сакта

Стресске тез-тез кабыласызбы? Эгер «ооба» дегендей баш ийкеген болсоңуз, анда жашыңыз улгайган куракта жүрөк пристубуна кабылууңуздун мүмкүнчүлүгү көбөйөрүн эсиңизге алыңыз. Муну илимпоздор бир ооздон бекемдешет.

Колумбия медициналык университетинин жетекчилиги менен жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн соң дайыма стресс абалында жүргөн адамдар жайдары, жөн-жай жашаган адамдарга караганда, жүрөк пристубуна 27%га көп чалдыгышат деген жыйынтык чыгарылды. Алгач алты илимий иштин жыйынтыгын жакшылап тактап чыгышкан: анда стресске көп кабылып, дайыма нерви чыңалып жүрүүдө өзүн кандай сезерин сурамжылашкан. Ошол эле адамдарды стресстен аябай жабыр тартканына же анчалык эместигине карап эки топко бөлүшкөн. Эки топтун тең адамдарын 14 жыл бою көзөмөлгө алып турушкан.

Ошентип, жогорудагы «27» деген көрсөткүч келип чыккан. Бул топтогулардын артериалдык кан басымы тез-тез жогорулап, кандагы холестериндин көлөмү көбөйүп кеткени белгилүү болду.

Адистер белгилегендей, стресс менен жүрөк пристубу байланышта. Бирок, жаш улам улгайган сайын баары жүрөк оорусуна өсүп жетиле тургандыгы анык болду. Аталган медициналык изилдөөнүн авторлорунун бири София Ричардсон алган жыйынтыктарга таянып: «Ар бир адам жаш кезинде өзүн сактап, үйдө болобу, иште болобу карманса, өзүнүн карылыгына кам көргөн болор эле», - дейт.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости