www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Инвестициялык климат, туризмди өнүктүрүү багытында иш чара болуп өттү. Иш чаранын жүрүшүндө Дүйнөлүк банктын жергиликтүү менеджери К.Колберт Кыргызстанда акыркы үч жылда сырттан келген инвестициянын көлөмү кыйла түшүп кеткенин белгиледи. Анын айтымында өлкөдө сырттан келген инвестициялардын жогорку көрсөткүчү 2015-жылы болгонун, дал ушул жылы инвестициялык климат туруктуу болуп, өлкөнүн экономикасына 1,6 миллиард доллар киреше түшкөнүн кошумчалады.

Жогоруда айтылган жагдайларга саресеп сала турган болсок, 2015-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турган. Темир Сариев премьер-министр болуп дайындалган секунддан тартып, өлкөнүн экономикасын көтөрүүнү, туруктуулукту камсыздоону жана инвестициялык климатты жөнгө салууну башкы максаты катары коюп, бул демилгелерди ишке ашырууга ыкчам киришкени баарына маалым. Темир Сариев ишкерлерге, ички жана тышкы инвесторлорго ылайыктуу шарт түзүп берип, алардын коопсуздугун камсыздоого жетишкен. Анын алкагында курулуш иштери үчүн бирдиктүү салык кызматын киргизген. Ал эми инвесторлорго, ишкана ачам деген ишкерлерге салыктары жеңилдетилген. Мындан тышкары ишкерлердин өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууда салык төлөөнү кыскартып, ишкерлерге алдыга умтулууга чоң стимул берилген. Темир Сариев башкарган өкмөттүн алгылыктуу реформалары, аткарган чоң долбоорлору азыр да элге кызмат кылууда. Тилекке каршы, Сариевдин чечкиндүүлүгү, иш билгилиги бийликтеги лөктөрдүн шаштысын алып, Темир Сариев саясий интриганын күч алышынан улам, кызматтан кетүүгө мажбур болгон. Темир Сариев кеткенден бери өлкөдө экономиканын, инвестициялык климаттын өсүшү кыйла төмөндөп кеткенин эл аралык эксперттердин айтып чыкканы кимдин-ким экенин айгинелеп жатпайбы...  “Жакшынын кадырын түштөн кийин билебиз” демекчи, иштейм деген инсанды убагында кадырлап алсак болмок да, туурабы? Азыр да кеч эмес, - дейт Азияньюс гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости