www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара күчтөрдүн коргоочусу - чалкан

Мен жаңы үйгө көчүп барган элем. Кошуналарымдын баары башка улуттан экен. Өткөндө кашаанын жээгине өсүп кеткен чалкандарды жулуп жатсам, орус кошунам: "Бекер кыласың, чалкан кара күчтөрдөн коргойт", - дейт мени көрүп. Сиздер бул тууралуу толук билесиздерби...

Жүк, илээшкек бар экенин билген табыптар   адатта   бут   кийимдин таманына чалкандын жалбырагын салып  коюуга   кеңеш  беришет. Адистердин   айтымында,  мына ушундай жол менен да негативден арылса болот экен. Жалбырактарын кийимдин ич жагына тигип койгондор да бар. Бул да адамды азгырык, илээшкек, дубадан коргойт. Айрыкча ээн талаада, кесилиш жолдо, каралбай калган үйдүн жанында өскөнү пайдалуу. Ошондой эле оор жүктөн, терс энергиядан, кир-чаңдан арылуу максатында үйдү чалкан менен шыпырып чыгуунун мааниси зор. Чалкандан таар согуп, кире беришке да салып коёт. Ошондо кара дуба менен алектенгендер үйгө кире албай калышат дешет. Ал эми жалбырагын кургатып, кудум арча сыяктуу түтөтүп чыкса, үй да тазаланат жана анын жашоочулары өзүн кадимкидей жеңил сезип, көңүлдөрү көтөрүлет дешет.

Эскерте кетчү нерсе, чалкан мүнөзү боюнча жоокер өсүндүк. Ал өзүн сыйлоону талап кылат. Андыктан элдик табыптар маанайы жакшы кезде чалканды үзүүнү айтышат. Болбосо ал дарылык күчүнүн жарымын жоготот экен. Чалкандын үйдөн анча алыс эмес жерде өскөнү жакшы жышаан. Орус элдик дарыгерлеринин пикирине таянсак, мындай учурда бул үйгө параллель дүйнөнүн жандыктары жакындап келе албайт жана тургундардын ынтымагы мурдагыдан дагы артат.

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ

 

Последние новости